Кардиохирург Абай Турдубаев. Архивдик сүрөт

Атасынын өлгөнүн уккан уулунун сөзүнө ыйлап жибердим. Дарыгердин маеги

26950
(жаңыланган 15:40 01.01.2020)
Бишкектик хирургдар кандай жаңы операцияларды жасап баштаганын, Кыргызстанда жаш врачтардын жагдайы кандай экенин кардиохирург Абай Турдубаев баян салып берди.

Жаш врач күн сайын операция жасап, ондогон кишиге кеп-кеңешин берет. Хирург Москвадагы айлыгы арбын жумушун Бишкектеги мамлекеттик ооруканадагы орунга алмаштырган.

— Жүрөк кемтиги бар балдарга акысыз операция жасаганыңыздан кабарыбыз бар. Бул кайрымдуулук долбоорунан кеп салып берсеңиз.

— Үч жыл мурун Москвада окуп жүргөндө жүрөк оорусунан жапа чеккен балдарга бекер операция жасоону купуя тилек кылгам. Россиялык клиникадагы ординатура убагында операцияга келген мекендештерди көп кезиктирдим. Балдарын сактап калуу үчүн ата-эне колунда болгонун бүт сарптайт. Негизи ооруканага түшкөн чоң кишиге караганда балдар дарыгерди көбүрөөк бушайманга салат. Чоңдор көбүнесе дартын өздөрү күчөтүп жиберишет, ал эми балдар жагдай, шарттын курмандыгы болушат.

Уулунун жүрөгүнө операция жасатуу үчүн карызга баткан энелерге чындап боорум ачычу. Мекендештериңдин кыйын кырдаалга кабылганын көрүү абдан түйшөлтөт.

Бөтөн өлкө, баарына эселеп акча төлөйсүң, себеби ага чет элдик жаран катары кызмат көрсөтүлөт эмеспи. Булардын баары чоң санаага салат. Өз жериңде бул алда канча арзан түшмөк, бирок Кыргызстанда андай операциялар жасалбайт.

Ошондо тилек кылгам. Кайсы бир кезде аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын жүрөгүнө оор операция жасоо мекенде да мүмкүн болгудай шарт жаратам дегем. Багым бар экен, айланамдагылар менен көз карашыбыз бир. Бир күнү ишкер Бабур Төлбаев жана "Тонус" фондунун түптөөчүсү Урмат Насыркуловго кезигип, көңүл өйүткөн ушул оюм менен бөлүштүм. Жыйынтыгында Mol Bulak Kuz Demi марафонун жүрөк кемтигинен жапа чеккен балдарга арнадык. Максатыбыз — жок дегенде бир операция жасоого каражат топтоо болчу. Санаалаштарым биз күткөндөн да көп, миллион сомдон ашык каражат топтой алышты. Төрт операцияга жетчү сумма чогулду.

Үчөөнү жасадык, акыркысы калды. Бөбөк кызамык болуп калыптыр, айыкканча күтүп калдык.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Abai Turdubaev M.D., PhD (@abai.turdubaev)

— Акысыз операцияны укканда бейтап балдардын ата-энелери сүйүнүшкөн чыгар?..

— Операцияга өз алдынча акча жыйноо алар үчүн абдан кыйын эле. Энелери ырахматын айтып бүтө алышпады. Кубанычы койнуна батпай, көздөрүнө жаш да алышты. Бул аракетибиздин башаты гана, алдыда мындай иштердин далайын аткарарыбызга ишенем.

— Сиз жаш доктурсуз, жаштыгыңыздан улам бейтап же башка врачтар менен түшүнбөстүктөр жаралган жок беле?

— Чынын айтсам, врачтын жаш курагына Кыргызстанда гана көңүл бурушат. Россия, АКШ жана Европада эч ким жашка карабайт. Москвада ординатурадан өттүм, кесиптештерим мага чын дилден мамиле кылышчу. Билгениме, иштегениме карап баалашчу. Негизи эле ал жакта Борбор Азиядан барган врачтарды абдан жакшы көрүшөт, себеби тажрыйба топтоо үчүн барган соң болгон күчүбүздү жумшайбыз да. Биздикилер операция болобу, документ толтуруш же башкабы, айтор, бардык ишти аткарууга жан дили менен даяр.

Айттырбай илип кеткен жөндөмүбүздү дасыккан врачтардын баалаганын болжоп да биле албайсыз. Россиялык дарыгерлер биз нөөмөттө турганда илимий конференцияларга катышса да көңүлдөрү тынч. Себеби алар сыртта жүргөн кезде да бейтаптары жакшы каралат. Бир гана жагы — ординатураны аяктаган соң Борбор Азиядан барган дээрлик бардык адистерге иштеп калууну сунушташат. Ооруканалар мыкты шарттарды түзүүгө даяр. Башка артыкчылыктарын мындай кой, керек болсо жарандык да врачтарга кыска мөөнөттө берилет. 

Кардиохирург Абай Турдубаев в рабочем кабинете
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
"Мекенде менин кымбат машинам, заңгыраган үйүм болбостур, бирок өлкөгө пайда келтире алам", - дейт Абай Турдубаев.

— Сиз эмнеге Кыргызстанга кайтууну чечтиңиз?

— Башынан эле көчүп кетүүгө ниеттенген эмесмин. Атам дайым мекенибизди өнүктүрүү керектигин кулакка куюп келген. "Бөтөн жердин султаны болгончо, өз элиңдин ултаны бол" дешет эмеспи. Москвада мага абдан жакшы шарттарды түзүп берүүнү сунушташты, АКШда да калып калууга мүмкүнчүлүгүм бар болчу, бирок каалаган жокмун. Ооба, ал жактарда бейкапар турмуш кечирем, бирок жалгыз өзүмдүн гана жашоом жайлуу болот. Мекенде менин кымбат машинам, заңгыраган үйүм болбостур, бирок өлкөгө пайда келтире алам. Эгерде шыктандыра турган бир нерсе болбосо, миллиондоп таап туруп деле бактысыз болушуңуз мүмкүн. Мени акчадан да маңыздуу максатым алдыга жетелейт.

Кыргызстандын дарамети күчтүү экенине чындап ынанам. Азырынча биздин адистер чет жерде, бирок байкасаңыз, алар мекенге кайтып, турмуш өзгөрүүдө. Өлкөбүздө бир топ жыл мурун Борбор Азия боюнча биринчи ирет жүрөккө ачык операция жасалган. Ал жетишкендикти андан ары өрчүтпөй, тим калтырганыбыз болбойт. Кардиохирургия багытында көп ийгиликтерди багындыра алабыз.

— Жаш врачтар дасыккан дарыгерлер аларга иштөөгө мүмкүнчүлүк бербегенине даттанып калышат. Сиз кантип рентгенэндоваскулярдык хирургия (тери аркылуу кан тамырларга операция жасоочу – ред.) бөлүмүн жетектеп калдыңыз?

— Эс алууга үйгө келген маалымда Жүрөк хирургиясы жана орган алмаштыруу илим-изилдөө институтунда стационардык аритмологиялык аппарат орнотулат. Бизде ал аппарат менен иштей алган адистер жок эле. Мага адегенде аны иштетүүнү аракет кылып көрүүнү, кийин иштеп калууну сунушташты.

Кыргызстанга ал медициналык жабдуунун канчалык маанилүү экенин элестете да албайсыздар. Мурда бейтаптар операцияны жарым жылдап күтүшчү, себеби аларды чет өлкөлүк гана врачтар жасашчу. Адистер бүт жабдуусун кошо ала келишчү. Кудай жалгап, эми биз үчүн да бул аритмологиялык жабдыктын жардамы менен мындай операциялар да сөздүн жакшы маанисинде кадыресе операцияларга айланат.

Ар бир кадамын терең ишеним менен жасаган врачтардан куралган мыкты командам бар. Алар уникалдуу, маселен, эндоваскулярдык, башкача айтканда, бейтаптын бутундагы кан тамыр аркылуу жүрөгүнө чейин жетип, операция жасай алышат. Эгер бейтапта толто аневризми аныкталса, биздин врачтар бейтаптын жашоосун жеңилдете турган графтты өз алдынча орното алышат. Гинекологдор менен биргеликте жатын артерияларынын эмболизациясын кылабыз, бул — жатын миомасын операциясыз дарылоонун заманбап ыкмасы.

Кимгедир бул кубанычым кызык туюлушу мүмкүн, анткени чет өлкөлөрдө мындай операциялар күндө жасалат, ал эми мен сыймыктануу менен элге кабарлап турам. Биздин медицина үчүн бул чоң жетишкендик. Азыркы тапта операция үчүн башкача, татаалыраак, кымбатыраак жабдууну алып келүү туурасында сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Бирок азырынча маселе жаңыдан талкуулана баштады. 

Кардиохирург Абай Турдубаев в операционной
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Үч жыл мурун Москвада окуп жүргөндө жүрөк оорусунан жапа чеккен балдарга бекер операция жасоону купуя тилек кылган Абай Турдубаев учурда Кыргызстанда үмүт жараткан кардиохирург.

— Куткара албай калган алгачкы бейтабыңыз эсиңиздеби?

— Бейтаптардын көбү өмүрүнө кепилдик сурашат, бирок адам муздаткыч эмес, ал эми бизде кепилдик талону жок. Бейтаптарга алардын абалын, кандай тобокелдиктер болушу мүмкүн экенин, эгер аларга тушугуп калсак, кандай кыларымды дайым ачык айтам. Болгону эч качан, эч кимге кепилдик бербейм. Баары жакшы болоруна 100 пайыз ишенген врачты таанысаңыз, ошол дарыгерге барыңыз дейм.

Көпчүлүк врачтардын кудуретин ашыра ойлоп алып, колдорунан баары келчүдөй сезишет. Биздин бейтаптардын айрымдарын ажалдан арачалай албай калган учурлар болбой койбойт, бирок операциялык залдан чыгып, кудайга жалбара амандыгын тилей сыртта күтүп турган жакындарына суук кабарды угузуу эң оор. Москвадагы клиникада ординатор элем, түнкүсүн Кыргызстандан келген бир жашар уул бала операциялык столдо чарчап калды. Техникалык жактан врачтар колунан келгенин бүт жасашты, бирок баланын организми көтөрө алган жок. Мекендеш болгонубуз үчүн ата-энесине кабарлоону мага табышташкан...

Апасы боздоп ыйлап, кыйкыра баштады. Врачтарды айыптады, оорукананы каргады. Россиялыктар көп анте беришпейт, анткени көпчүлүгү хирургдар колунан келгенин бүт жасаганын түшүнүшөт. Биздин жарандар буркан-шаркан түшүп кабылдашат. Операция жакшы болбой калса, кыргызстандык бейтаптар жаңжал салышат.

Бир учур түк эстен кетпейт. Бейтап бизге оор абалда келди. Операция бир нече саатка созулду, ошол маалда анын жакыны далисте күтүп турган эле. Бейтаптын жаны үзүлдү. Кабарын угузганымда ал көзүнө жаш алып: "Атамды сактап калууга жасаган аракетиңиздер үчүн ыраазымын", – деди.

Өз бөлмөмө барып алып ыйлап жибердим... Анын сөздөрүндө аза да, кайгыга багынуу да, ошону менен бирге эле кайгыны татыктуу кабылдоо жана чын дилден ыраазычылык да аралаш эле. Кызыгы, дал ушундай — жакшы, акылдуу, тарбиясы бийик адамдар олуттуу көйгөйлөргө кабылышат. 

Кардиохирург Абай Турдубаев в операционной
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Жаш врач Абай Турдубаев күн сайын операция жасап, ондогон кишиге кеп-кеңешин берет.

— Соңку эң жагымсыз суроом: врачтар канча табышат?

— Үстөк кошумча, нөөмөттөр менен бирге менин маянам орточо 15 миң сомду түзөт. Доктурлардын көпчүлүгү 6-10 миң сомдун тегерегинде айлык алышат. Окуп жүргөнүмдө деле бир нече жерде иштечүмүн. Негизги каражат булагым — студент кезимде эле түптөгөн жарнама агенттигим. Ата-энемдин акчасына чардап жашасам деле жарашмак, атам ийгиликтүү ишкер, бирок өз чыйырымды өзүм салууну чечкем.

Башка адистерге кыйла эле кыйыныраак, ар биринин үй-бүлөсү, балдары бар. Аларды багып, кийиндириш керек, ал эми врачтын эң жогорку маянасы — болгону 15-18 миң сом.

26950
Белгилер:
маек, маяна, операция, адистер
Тема боюнча
Өттөгү ташты операциясыз жок кылса болобу? Дарыгер Сыргаев менен маек
Баш сасык тумоого кабылгандай эле ооруйт. Нейрохирург Мамытов мээ рагы тууралуу
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев. Архивдик сүрөт

Бейшекеев: сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары күч алууда

7
(жаңыланган 16:59 05.12.2020)
Өрт өчүрүү жана алдын алуу башкармалыгынын башчысынын орун басары майор Азиз Бейшекеев ушул жылдын 10 айынын жыйынтыгы менен республика боюнча өрт 38,9 пайызга аз катталганын маалымдады.
Бейшекеев: сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары күч алууда

Бул жылы өлкө боюнча 2 045 өрт кырсыгы катталган, бирок кыштын келиши менен күч алып жатканы байкалууда. Бул тууралуу Азиз Бейшекеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек берип жатып билдирди.

Анын айтымында, өрттүн чыгуусуна көбүнчө адамдык фактор таасирин тийгизип жатат.

"2020-жылдын 10 айынын жыйынтыгы боюнча статистикага токтоло турган болсок, республика боюнча 2045 өрт кырсыгы катталган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 38,9 пайызга азайганын айгинелейт. Ал эми келтирилген материалдык чыгымдын көлөмү 473 миллион сомдон ашканы менен өткөн жылга салыштырмалуу 39 пайызга азайганынан кабар берүүдө. Бирок сууктун түшүшү менен өрт кырсыктары көбөйө баштаганы байкалууда. Күз-кыш мезгилинин келиши менен от жагуу, электр жабдыктарды колдонуудан улам бир суткада республика ичинде 20-25 өрт кырсыгы катталууда", — деди Бейшекеев.

Ал өрттүн алдын алуу максатында түшүндүрүү иштери байма-бай жүргүзүлө турганын кошумчалады.

7
Белгилер:
Кыргызстан, кыш, өрт
Тема боюнча
Өрттөнүп кеткен Башкы прокуратуранын ичи. Имараттын 10 жылдан кийинки көрүнүшү
Кыргызгидрометтин атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипова

Алипова: Бишкекте абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулат

3
Кыргызгидрометтин атмосфералык абанын булгануусун байкоо бөлүмүнүн башчысы Бегайым Алипова Бишкекте мезгилге карабастан атмосферанын булганышы дайыма нормадан ашык болорун айтты.
Алипова: Бишкекте абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулат

Алматы — Бишкек экономикалык коридорунун алкагында Кыргызгидромет Азия өнүктүрүү банкы менен меморандум түздү. Ага ылайык, Бишкектин бардык аймагында абанын булгануусун текшерген 50 жаңы датчик орнотулганы жатат. Долбоор ушул жылдын аягына чейин ишке ашып калат деген үмүттөбүз. Бул тууралуу Бегайым Алипова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Бишкекте жаан жаап, катуу шамал болгондо атмосферада кармалган кир заттар таркап, аба тазара түшөт.

"ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология агенттиги 1970-жылдан бери атмосферанын булгануусуна байкоо жүргүзүп келет. Азыркы учурда абанын нормасын текшерген жети стационардык станция Бишкек шаарынын ар кайсы жеринде жана бир автоматтык станция шаардын түштүк-батышында жайгашкан. Борборубузда абанын булганышы мезгилге карабастан дайыма нормадан ашык болуп келет. Бирок кышында атмосфера андан да көбүрөөк булганат. Мисалы, айдын башында кирдетүүчү заттардын орточо 1,5-5 эсе суткалык нормадан жогору болгонун байкадык. Негизи абанын булганышына байкоо Кыргызстандын беш шаарында жүргүзүлөт. Анын ичинен эң кири — борбор калаабыз. Ал эми калаанын чок ортосунун абасы өтө кир. Биздин изилдөөлөрдү мамлекеттик муниципалдык жана башка мекемелерге таратабыз. Ушул жылдын күз мезгилинен баштап тесттик режимде абанын булганышын божомолдоо аракеттери көрүлүп баштаган. Азыр синоптиктерибиз күндүн табы, шамалдын ылдамдыгынан сырткары күн сайын абанын тазалыгы тууралуу да маалымат берип жатышат", — деди Алипова.

Ал meteo.kg сайтына атмосферанын булганышы боюнча маалымат күнүгө саат 10.00дө жана 16:00дө чыгып турарын кошумчалады.

3
Белгилер:
булгануу, аба, Кыргызгидромет
Тема боюнча
Фотофакт: өпкө илдетин чакырган Бишкектин кир абасы