Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн 7000ден ашык киши каттоодон өттү

© Sputnik / Михаил Воскресенский / Медиабанкка өтүүКааба. Архив
Кааба. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ажылык сапарга каттоо өнөктүгү 2019-жылдын 16-декабрында башталып, 30-декабрда саат 17:00дө аяктаган.

БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. 2020-жылы ажылык сапарына баруу үчүн Кыргызстандан 7525 жаран катталды. Бул тууралуу Муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Паломники в городе Медина - Sputnik Кыргызстан
2020-жылдагы ажылык сапарга каттоо мөөнөтү менен шарт-талабы айтылды
Билдирмеге караганда, каттоого алынган зыяратчылардын баары РСК банкы аркылуу акча каражатын төлөгөн. Учурда ажылыкка катталган жарандардын документтерин толуктоо иштери жүргүзүлүүдө. Алгачкы төлөм 500 долларды түзөт, ошонун негизинде гана кезекке тургузулат.

Эскерте кетсек, ажылык сапарына каттоо 2019-жылдын 16-декабрында башталып, 30-декабрь күнү саат 17:00дө аяктаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0