Президенттики баш болуп бир катар мамлекеттик сайттар иштебей турат

© Sputnik / Жоомарт УраимовКыргызстан президентинин сайты. Архив
Кыргызстан президентинин сайты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттөн билдиришкендей, тиешелүү адистер тарабынан айрым иштер өз учурунда кылынбай калган.

БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Ушул тапта президенттин жана gov доменине караштуу бир катар мамлекеттик органдардын сайттары иштебей турат.

Алар төмөндөгү сайттар:

  • Өкмөттүн;
  • Тышкы иштер министрлигинин;
  • Юстиция министрлигинин;
  • Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин;

Анткен менен бул порталга тиешеси жок Айыл чарба министрлиги, Финансы министрлиги жана ӨКМдин сайттары иштеп жатат.

Себебин билүү үчүн өкмөттүн маалымат катчысы Чыңгыз Эсенгуловго кайрылганыбызда тиешелүү адистер тарабынан айрым иштер убагында кылынбай калгандыгын айтты.

"Ар бир жылдын башында доменге байланыштуу тиешелүү процедуралар аткарылышы зарыл. Бул боюнча адистердин ишинде мүчүлүштүктөр кетип калыптыр. Учурда көйгөй жоюлуп, көпчүлүк сайттар иштей баштады", — деди Эсенгулов.

Аталган сайттардын мобилдик версиясы ачылганы менен компьютерден кирүүгө мүмкүнчүлүк болбой жатат. 

Жаңылыктар түрмөгү
0