Россиядагы мигранттар кызамыкка каршы эмдөөдөн өтүшү керек

© Sputnik / Рамиль Ситдиков / Медиабанкка өтүүМосквада корьдон вакцина. Архив
Москвада корьдон вакцина. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Россиянын региондоруна убактылуу келгендер жана жашап жаткандарга кызамыкка каршы эмдөө жүргүзүлө баштады.

БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Россиянын аймагында эмгектенген мигранттарды кызамыкка каршы эмдөөдөн өткөрүү иши 2020-жылдын 1-январынан тарта 31-декабрга чейин созулат. Бул туурасында Россиядагы колдонуучулардын жана адам жашоосунун жайлуулугун көзөмөлдөгөн федералдык кызматтын (Роспотребнадзор) сайтында айтылат. 

Маалыматта кызамыкка кабылгандар бардык өлкөдө көбөйүп жаткандыктан эмдөө жүргүзүлүп жатканы белгиленет.

Зимний Бишкек - Sputnik Кыргызстан
Акча аркылуу жугат, антибиотиктен коркпойт. Грипп тууралуу билип алыңыз
Федералдык кызматтын токтомуна ылайык, Россиянын региондоруна убактылуу келгендер жана жашап жаткандар кызамыкка каршы эмдөөдөн өтө элек болсо, үстүбүздөгү жылдын 1-январынан жыл этегине чейин вакцина сайылат.

Мигранттар арасында эмдөө ишин жумуш берүүчүлөр менен региондогу саламаттыкты сактоо өкүлдөрү камсыз кылат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча, былтыр кызамыктан 140 миңден ашык адам каза тапкан. Россияда бир жылда 4 миңден ашык адам аталган илдетке кабылары аныкталган.

Россияда 2019-жылы кызамыкка каршы бир миллиондон ашык адам эмдөөдөн өткөн. Анын 181 миңи мигранттар болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0