Бишкекте кар кишини "нокаутка" кетирген киши видеого түшүп калган

© Sputnik / Евгения Новоженина / Медиабанкка өтүүКар киши. Архив
Кар киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес борбордун техникалык директору мүлккө зыян келтирилген факты боюнча милицияга арыз жазганы жатат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Бишкекте белгисиз адам Vefa соода борборунун алдындагы кар кишини "нокаутка" кетирген.

Окуянын видеосу Telegram-каналындагы "Короче" тайпасына жарыяланды.

Борбордун техникалык директору Алмаз Жусуповдун айтымында, ал жер атайын фотозона болчу.

"Кар кишилердин композициясына 40 миңден ашык сом сарптаганбыз. Мүлккө зыян келтирилгени боюнча милицияга арыз жазганы жатабыз. Кар киши сынып, кулап калды", — деди ал.

Жусупов билдиргендей, окуя 31-декабрга караган түнү болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0