Өкмөт аппаратынын кызматкери Скобеев тергөө абагынан чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн аппаратынын кызматкери Егор Скобеев. Архив
Өкмөттүн аппаратынын кызматкери Егор Скобеев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт аппаратынын кызматкери тергөө менен иштешүүгө макулдугун берген. Такталбаган маалыматтар боюнча ал коррупцияга шектелип жатат.

БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Өкмөттүн аппаратынын кызматкери Егор Скобеев үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Коррупция боюнча айыпталып жаткан Мамлекеттик бажы кызматынын мурдагы төрагасы Адамкул Жунусов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусов камактан чыкты. Себеби
Ал тергөө абагынан 14-декабрь күнү чыгарылган, бирок бул тууралуу маалымат эми гана белгилүү болду. Соттон билдиришкендей, Скобеев тергөө менен кызматташууга макул болгон.

Аткаминер былтыр, сентябрда, камакка алынган. Такталбаган маалымат боюнча ал коррупцияга шектелип жатат.

Өкмөттүн берген маалыматына караганда, Скобеев аппараттагы бөлүмдөрдүн биринде эксперт катары эмгектенип келген. Ага чейин, 2011-жылдары, коопсуздук, укук тартиби жана коргонууну камсыздоо бөлүмүн жетектеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0