Эскертебиз! Австрияга виза Бишкектен да бериле баштады

© Sputnik / Алексей Витвицкий / Медиабанкка өтүүВена шаары, Австрия. Архив
Вена шаары, Австрия. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ТИМ Австрияга виза алууну каалагандар Казакстандын Нур-Султан шаарына барып отурбай, Бишкектен ачтырса болорун кабарлаган.

БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Бүгүнтөн тарта Австрияга барам деген кыргызстандыктар борбор калаадан виза ачтыра алат. Бул тууралуу ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Буга чейин ТИМ Австрияга виза алууну каалагандар Казакстандын Нур-Султан шаарына барып отурбай, Бишкектен ачтырса болорун кабарлаган.

Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
14 миң долларлык айлыгын таштап... Кыргызстанды гүлдөтөм деп кайткан 6 жигит
Билдирмеге ылайык, эми Австрияга виза алчулар документти Ибраимов, 103 дарегиндеги Victory бизнес борборунун 11-кабатында жайгашкан VFS компаниясынын виза борборунан ала алат.

Виза алуу шарттары жана документтерди тапшыруу үчүн кабыл алууга шилтеме аркылуу жазылууга болот. Ошондой эле 0312 979261 телефон номерлерине чалып байланыша аласыздар.

Эске салсак, жаңы жылдан тарта Германиянын Кыргызстандагы элчилиги бир нече мамлекетке виза берүү ишин токтоткон эле. Анын ичинде Австрия да болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0