Кан басымды түшүрүүгө жардам берчү суусундук айтылды

© Sputnik / Евгений Епанчинцев / Медиабанкка өтүүЯгоды брусники
Ягоды брусники - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иликтөөнүн автору жаныбарларга клюкванын, карагат жана кызылгаттын ширесин берип көргөн. Дал ушул мөмөлөрдүн курамында жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуучу полифенол каражаты арбын.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Кызылгаттын (брусника, токойдо өсүүчү кызыл жемиштүү өсүмдүк — ред.) ширеси көтөрүлүп кеткен кан басымды түшүрүүгө жардам берип, кан тамырлардын ишин жакшыртат. Хельсинки университетинин окумуштуулары жасаган иликтөөнүн жыйынтыгын Medical Xpress жарыялады.

Производство ремесленного шоколада MaRussia в Тамбове  - Sputnik Кыргызстан
Көп жегиле! Адистер шоколаддын 8 пайдасын атап берди
Фармакология кафедрасынын доктору Энн Кивимяки гипертензия менен жабыркаган келемиштерге эксперименталдык иликтөө жүргүзгөн. Үч ай бою жаныбарларга клюкванын, карагат жана кызылгаттын ширеси берилген. Дал ушул мөмөлөрдүн курамында жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуучу полифенол каражаты арбын.

Соңунда кызылгаттын аралаш ширеси кан басымды түшүрүүдө натыйжалуу экени, ал эми концентрацияланганы кан тамырларга оң таасир берери аныкталган. Башка мөмөлөрдүн ширесинин пайдасы мынчалык болгон эмес.

Иликтөөнүн автору алынган жыйынтыкты кан басымы кичине көтөрүлгөн адамдарга пайдаланып көрүү керектигин билдирген. Анын айтымында, кызылгаттын ширеси дары-дармекти алмаштыра албаса да оору менен күрөшүүдө көмөкчү каражат боло алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0