2020-жылдагы эң мыкты диетанын үч түрү белгилүү болду

© Sputnik / Елена Чепинога / Медиабанкка өтүүДень селедки в Калининграде
День селедки в Калининграде - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Деңиз жээгиндеги өлкөлөрдүн тургундары узакка жашай турганы, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларына сейрек чалдыгары белгилүү болгон.

БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Американын U.S. News & World Report порталы дүйнөдөгү популярдуу болгон диетанын үч түрүн атады.

Фитнес-центр отеля Hilton в Сэндтоне - Sputnik Кыргызстан
150 кг салмак таштаган киши арыктоонун сырлары менен бөлүштү. Сүрөт
Маалыматта тизме диетологдордун, нутриционисттердин жана окумуштуулардын иликтөөсүнө таянуу менен түзүлгөнү айтылат.

Эң эле мыктысы болуп Жер ортолук деңиз диетасы табылды. Дээрлик бардык максат үчүн пайдалуу делген бул түр диабет менен жабыркагандардын тамактануусу үчүн түзүлгөн атайын программалардын да сап башында турат. Деңиз жээгиндеги өлкөлөрдүн тургундары узакка жашай турганы, рак жана жүрөк-кан тамыр ооруларына сейрек чалдыгары белгилүү болгон.

"Жашыруун сыр деле жок. Активдүү жашоо образы, салмакты көзөмөлдөө, эт, кант, майды азыраак пайдалануу жана жаңгактын бардык түрү, ошондой эле пайдалуу азыктын баары желе берет", — дешкен рейтингдин авторлору.

Экинчи орунду DASH-диета ээледи. Анын негизин гипертония менен күрөшүү түзөт. Негизги принциптери болуп туздан, канттан жана майы көп азыктардан жарым-жартылай же толугу менен баш тартуу болуп саналат.

Үчтүктү "вегетариандык диета" жыйынтыктады. Мында белгилүү болгондой эттен баш тартуу каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0