"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда. Сүрөттөр

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда. Архив
Тазалык калааны кар менен муздан арылтууда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эртең менен жолдорго 295 тонна туз себилген. Муздарды чагып, карды тазалоого 37 атайын техника тартылган.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Тазалык" ишканасынын кызматкерлери калаадагы жолдорду, тротуар, аялдамалардын айланасын кар, муздан арылтууда. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты. 

© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
Тазалык калааны кар менен муздан арылтууда. - Sputnik Кыргызстан
1/2
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
© Фото / пресс-служба мэрии города Бишкек"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
Тазалык калааны кар менен муздан арылтууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
1/2
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.
2/2
"Тазалык" калааны кар менен муздан арылтууда.

Кар учурунда көчөдө бараткан кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир жумага карата аба ырайы
Билдирмеге ылайык, эртең менен жолдорго 295 тонна туз себилген. Тоңгон муздарды чагып, карды тазалоого 37 атайын техника тартылган.

Күндүз жана кечинде Бишкек боюнча 663 көчө шыпыргыч, "Тазалыктын" 117 жүк ташыган кызматкери жана 100гө чукул таштанды чогулткан жумушчулары иштемекчи.

Тротуарлар дагы муз, кардан тынымсыз тазаланып турарын мэриядан эскертишти.

Эгер жол тазалоого байланышкан маселелер жаралып калса, төрт райондун акимдеринин орун басарларына кайрылууга болот:

— Карынбаев Аскат Асаналиевич (Ленин району) — (0312) 65-68-78, (0550) 99-79-27;

— Турсалиев Алмаз Жакыпбекович (Октябрь району) — (0312) 57-63-80, (0772) 19-20-74;

— Аскарбеков Мавлян Амангельдиевич (Биринчи Май району) — (0312) 66-15-37, (0555) 66-60-96;

— Касымбеков Рустам Асаналиевич (Свердлов району) — (0312) 36-07-07, (0703) 61-18-06.

Жаңылыктар түрмөгү
0