Кыргызстан — эс алууга ылайыктуу мыкты 10 өлкөнүн бири. Россиялыктардын рейтинги

© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Каракол" базасындагы туристтер. Архив
Каракол базасындагы туристтер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сервистин адистери россиялыктардын 2019-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын мартына чейин чет мамлекетке баруу үчүн алган авиабилеттерин карап чыгышкан.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Кыргызстан россиялыктар үчүн кышкы эс алууну өткөрүүдө көп каттаган мамлекеттердин катарына кирди. Бул туурасында РИА Новости tutu.ru деп аталган саякаттоонун бирдиктүү реестрине шилтеме берип жазды.

Сервистин адистери россиялыктардын 2019-жылдын 1-декабрынан 2020-жылдын мартына чейин чет мамлекетке баруу үчүн алган авиабилеттерин карап, туристтер үч жума жана андан көп мезгилде кайсы шаарларга бара турганын анализдешкен. Андан соң маалыматтар былтыркы жылдыкы менен салыштырылган.

"Рейтингдин сап башына Таиланд чыккан. Ошондой эле тизмеге Түштүк-Чыгыш Азиянын Вьетнам (5-орун) жана Индия (8-орун) өлкөлөрү кирген. Бали аралы үчүн туристтер көп барган Индонезия мыкты ондукка кирбей калган", — деп айтышкан компаниядан.

Флаг Кыргызской Республики - Sputnik Кыргызстан
Forbes КРде төрөлгөн баланы АКШдагы келечектүү жаштардын катарына кошту
Экинчи орунда Өзбекстан, үчүнчүдө Германияда турат. Мыкты он өлкөнүн катарына КМШ мамлекеттеринен Армения, Казакстан жана Кыргызстан кирген.

Эксперттер белгилегендей, кышкы каникул үчүн Таиланд, Вьетнам же Индияны тандаган ар бир үчүнчү адам ал жакка үч же андан көп жумага барат.

Ал арада CNN телеканалы Кыргызстанды 2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу өлкөлөрдүн катарына кошкон.

Жаңылыктар түрмөгү
0