Мектеп окуучуларынын олимпиадасы 18-январдан башталат. Расписание

© AFP / BEHROUZ MEHRI Школьное образование в Японии
Школьное образование в Японии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ар бир предмет боюнча тандоо туру онлайн режиминде эки күн болот. Биринчи күнү техникалык себептерден улам олимпиадага катыша албай калгандар экинчи күнү сынактан өтсө болот.

БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Мектеп окуучуларынын математика, физика, биология, химия жана информатика предметтери боюнча альтернативдик олимпиадасынын экинчи этабы (тандоо туру) 18-январдан тарта башталат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка караганда, ар бир предмет боюнча тандоо туру онлайн режимде эки күн өтөт. Ага биринчи турда эң жогорку балл алгандар катышат.

"Биринчи күнү техникалык себептерден улам олимпиадага катыша албай калгандар экинчи күнү сынактан өтсө болот. Анда татаалдыгы бирдей, бирок башка тест берилет. Ар бир предмет боюнча эң жогорку балл алган 100гө жакын окуучу үчүнчү турга жолдомо алат. Жыйынтыктоочу үчүнчү этап февраль айында оффлайн режиминде өтөт", — дешти министрликтен.

Олимпиаданын даталары:

  • Химия жана информатика — 18-19-январь;
  • Математика жана физика — 25-26-январь;
  • Биология — 1-2-февраль.

Белгилей кетсек, мектеп окуучулары үчүн альтернативдик олимпиаданын биринчи туруна 2918 окуучу катышып, экинчи этапка 1606 окуучу өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0