Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт

Абылгазиев ур-токмоктон каза тапкан келиндер боюнча үн катты

628
(жаңыланган 13:19 09.01.2020)
Өкмөт башчынын айтымында, үй-бүлөдөгү ынтымак менен ырашкерлик жашоодогу маанилүү баалуулук экенин ар бир адам түшүнүүсү зарыл.

БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Үй-бүлөдөгү зомбулук — бул бүтүндөй коом үчүн трагедия. Үрөй учурган фактыларды мамлекет көз жаздымда калтырбайт. Бул тууралуу Мухаммедкалый Абылгазиев билдиргенин өкмөттөн маалымдашты.

Премьер-министрдин айтымында, 2020-жыл — Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп жарыяланганын эске алуу менен өкмөт аялдардын жана балдардын укуктарын, кызыкчылыктарын коргоо ишин күчөтүүгө ниеттенүүдө.

"Баткен жана Нарын облустарында жаш энелердин өлүмүнө алып келген үй-бүлөлүк зомбулук фактылары тууралуу жаңылыктар өлкөнү дуу кылды. Келиндер күйөөлөрүнүн колунан каза табышты, кылмышкерлер катаал жазага тартылышы керек. Үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук бир бүлөнүн жеке көйгөйү эмес, бул укук бузуу! Коом буга көз жумуп койбошу керек. Зомбулук көрсөткөн адамды актай турган себеп жок, болбойт дагы. Үй-бүлөдөгү ынтымак менен ырашкерлик — бул жогору баалап, коргой турган жашоодогу маанилүү баалуулук экенин ар бир адам түшүнүүсү зарыл. Ден соолугу чың, бактылуу аялзаты — бул бейпил үй-бүлөнүн жана бакубат улуттун кепилдиги", — деди Абылгазиев. 

Премьер-министр жарандарды үй-бүлөдөгү зордук-зомбулуктан коргоону камсыз кылуу механизмдерин жакшыртуу боюнча улуттук мыйзамдарды өркүндөтүү иштерин активдештирүүнү тапшырды.

Муну менен катар үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук жана балдарга жасалган катаал мамиле үчүн жазаны күчөтүү маселесин изилдөө боюнча жумушчу топтун ишмердүүлүгүн тездетүү тапшырмасын берди.

Абылгазиевдин айтымында, бул иш жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен тыгыз кызматташуунун негизинде аткарылышы керек.

Премьер-министр Ички иштер министрлигине, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине жергиликтүү өз алдынча башкаруу уюмдары менен биргеликте үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук маселеси боюнча калк арасында түшүндүрүү иштерин күчөтүүнү тапшырды.

Эске салсак, жаңы жылда Баткен шаарында 31 жаштагы келин ур-токмоктон каза тапкан. Кийинчерээк Кочкордо дагы 37 жаштагы келиндин киши колдуу болгону ачыкталды. Эки учурда тең шектүү катары келиндердин жолдоштору кармалган.

628
Белгилер:
үй-бүлө, зордук-зомбулук, Мухаммедкалый Абылгазиев, премьер-министр
Тема боюнча
Баткенде үч баланын энеси ур-токмоктон көз жумду. Кылмышка жолдошу шектелүүдө
Акчанын айынан... Кочкордо дагы бир келин күйөөсүнүн токмогунан көз жумду
Баланын колдору. Архив

Жардам керек! Бир жаштагы Айлиндин жүлүнүнө кайрадан операция жасалмай болду

5
(жаңыланган 13:44 18.01.2021)
Кыздын энеси кайрадан жасала турган операцияга 50 миң доллар керек болуп жатканын айтып, каражат топтоо үчүн эсеп ачты.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кичинекей кыргызстандык Айлинге кайрадан операция жасоого туура келип жатканын Сатыбалдиевдердин үй-бүлөсүнүн жакындары кабарлашты. Кайдыгер эмес жарандардан жардам керек болууда.

Наристе 2019-жылдын 29-декабрында төрөлгөн. Үч айдан кийин ал ак канга чалдыккан. Кыздын атасы Талант Сатыбалдиев буга чейин Sputnik агенттигине берген маегинде дарыгерлер эки ай убакыт бергенин айткан. Буга байланыштуу 100 миң доллар топтоо үчүн элден жардам суралып, эсеп ачылган эле.

Талант Сатыбалдиев вместе с дочкой Айлин, у которой диагностировали лейкемию
© Фото / из личного архива Таланта Сатыбалдиева
Талант Сатыбалдиев менен кичинекей кызы Айлин

Клиника арзандатуу жасап, топтолгон каражатка 10-ноябрь күнү наристенин жүлүнүнө операция жасалган. Ага энеси донор болуп берген. Үй-бүлө кыздын абалы жакшырып, ооруканадан чыкканын айтышкан.

Бирок Сапанованын айтымында, алар оорукананын имаратынан сырткары үч эле жума жашашты. Кайра текшерүүдөн өткөндө жаңы жүлүндө жетиле элек клеткалар пайда болгону аныкталган. Башкача айтканда, оору наристеге кайра кайтып келген.

Бул жолу кызга атасы Талант Сатыбалдиев донор болуп бермекчи. Ал Борбордук шайлоо комиссиясында иштейт. БШКнын өкүлү Руслан Изреков бир нече күн мурда Сатыбалдиев Түркияга учуп кеткенин тастыктады.

Сапанова биринчи операция үчүн алган карыздарын толук кутулуп бүтө электе экинчи операцияга жардам суроого аргасыз болуп жатышканын айткан. Ал реквизиттерди өзүнүн Facebook баракчасына жарыялаган.

5
Белгилер:
наристелер, жардам, ак кан, рак
Тема боюнча
Жүлүнү үзүлүп майып болушууда. Жумабеков баллон менен муз тепкендерге кайрылды
Pfizer вакцинасы. Иллюстративдик сүрөт

ЖМК: Pfizer вакцинасын жарактуу деп тапкан агенттик кысымга учураган

18
(жаңыланган 13:18 18.01.2021)
Интернетке Pfizer-BioNTech вакцинасынын жарактуу деп бекитилишинен шек санаткан маалыматтар чыгып кетти. Анда айтылгандардага караганда, препаратты айрым кемчиликтерине карабай, шашылыш түрдө даяр деп жарыялап коюшкан.

Лиз Барнео

Уурдалып, интернетке жарыяланып кеткен маалыматтар боюнча Pfizer-BioNTech вакцинасын жарактуу деп бекитип берген агенттик мындай чечимди кысым көрсөтүүлөрдүн алдында кабыл алган.

Вакцина тууралуу документтер Европанын дары каражаттары агенттигинен (ЕДКА) уурдалып, декабрь айында жарыяланган. Маалыматтар франциялык Le Monde басылмасына жетип, европалык журналисттер тобу иликтеп көрдү.

Папкада Pfizer-BioNTech препаратынын кантип бекитилгендиги боюнча 20 бөлүмдөн турган документтер камтылган. Алардын ичинде аталган агенттиктин жооптуу кызматкерлери жазган 19 кат бар. Анын ичинен беш кат препараттарды бекитүү процесси айрым эрежелерди бузуу менен ылдамдатылганын далилдеп турат.

12-ноябрдагы жазылган катта ЕДКАнын бир кызматкери Европа биримдигинин (ЕБ) саламаттык сакттоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес менен сүйлөшүүсү боюнча айтат.

Анда Кириакидес "Европанын бардык мамлекеттери бир учурда вакцина алышы керектигин" айтып, аны расмий бекитип берүү процесси ылдамдатылышы керектигин билдирет. Ошол эле учурда эгер эпидемия болуп кетсе, ЕБдин курамына кирген өлкөлөр препаратты ЕДКАнын жактыруусу жок эле пайдалана берерин айткан.

19-ноябрь күнү агенттиктин жогорку кызматты аркалаган өкүлү Европа комиссиясында "өтө оор атмосферада өткөн" жыйын тууралуу кат жазган. Анда вакцинанын канчалык деңгээлде даяр экенине карабай бекитип бербесе, ЕДКА бир топ көйгөйлөргө кабылары айтылган.

Ошол эле аткаминер эртеси күнү Даниянын дары-дармектер агенттигине кат жолдогон. Анда "Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Pfizer-BioNTech жана Moderna препараттары жылдын аягына чейин бекитилет дегени мени таң калтырды. Экөөндө тең азырынча кемчиликтер бар" деп баяндаган.

Мындан кийин кандай көйгөйлөр бар экени айтылат. Тагыраагы, Pfizer-BioNTech вакцинасынын кемчиликтери жөнүндө сөз болот.

Ноябрь айында аталган агенттик вакцинанын мынчалык эрте чыгып кетишине карата төмөндөгүдөй үч каршы пикирин айткан:

  • айрым өндүрүү аянттарынын жарактуулугу боюнча макулдашуулар жок;
  • коммерциялык жол менен берилчү вакциналар боюнча маалымат жок;
  • эң негизгиси, коммерциялык жол менен берилчү вакцина менен клиникалык сыноо учурундагы вакциналардын сапаты боюнча айырма чыгып калышы.

Дал ушул акыркы пункт препараттын сапатын текшерип жаткан тарапты түйшөлткөн.

"Чекеге чыккан чыйкан"

Чындап эле клиникалык сыноо болуп жаткан учурдан тарта вакцина массалык өндүрүлө баштаганга чейин бир топ өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, башка заводдор ишке кирип, санды көйбөйтүү талабы коюлган. Дал ушул өзгөрүүлөр вакцинанын курамында рибонуклеин кислотасынын (РНК) көлөмү азайып калышына себепкер экени айтылат. Ал эми бул зат органзимге кирген соң иммунитетке вирусту таанып, ага каршы турууну үйрөтөт.

Рибонуклеин кислотасынын көлөмү клиникалык сыноо учурундагы препараттарда 69-81 пайыз болсо, сатыкка чыккандарда орто эсеп менен 59 пайыды түзгөн. Атургай айрым партияларында бул көрсөткүч 51-52 пайызга түшүп кеткен учурлар болгон. Агенттикти дал ушул түйшөлтүп жаткан.

Мындан улам РНКнын азыраак болуп калышы, анын эффективдүүлүгүнө кандай таасир этет жана бул дегеле организмге кооптуу эмеспи деген суроо пайда болот.

20 жылдан бери РНК вакциналар менен иштеп келе жаткан Цюрих университетинин алдындагы оорукананын адиси Стив Пасколо бул препаратты текшерип жатканда РНКсы айрым учурларда аз болсо, айрым учурда, тетиринче, көп болуп кеткен мисалдар бар экенин айтат.

"Көп болуп калса дагы кыйын, вакцинанын иштөө процесси татаалдап кетет", — деди ал.

Бирок ЕДКА берген отчётторунда бардык вакциналардын курамынын туптуура 62 пайызы РНКдан турары айтылган.

Анткен менен АКШнын Тамак-аш жана медикаменттерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы мындай кемчиликтер менен препараттын шашылыш түрдө жарактуу деп кабыл алынып калышын байланыштырбоо керектигин айтат. "Бул көзөмөлдөөчү органдар менен өндүрүп жаткандардын кемчилиги. Негизи ЕДКА берген уруксат вакцинанын өзүнө толугу менен берилген жок. Аны убактылуу колдонууга берилди. Демек, дагы деле препараттарга талап, чектөөлөр күч. Бул нерсе кайсы бир регионго сапатсыз вакцина түшүп калышына жолтоо болот", — деп айтылат каттардын биринде.

"Каршы туруу"

26-ноябрь күнү BioNTech жана Pfizer компаниялары ЕДКАга жооп беришкен. Докладда ар кайсы өндүрүш жайлары текшерилгенин айтып, чындап эле РНКнын көлөмүн эң аз дегенде 60 пайызга көтөрүү керектигин кошумчалашкан.

Бирок вакцина өндүрүүчүлөр кийин Comirnaty вакцинасы боюнча докладында РНКнын көлөмү анын эффективдүүлүгүнө таасир тийгизбеши керектигин жана зыянсыз экенин жазышкан.

Мындай пикир ЕДКАны ынандыра алган эмес, анткени акыркы билдирүүлөрдө дагы препараттардын кемчилиги боюнча айтып берген. Көп өтпөй агенттик менен өндүрүүчү компаниялардын каты жарыяланган.

"Биз муну чоң кемчилик катары карап жатабыз. Андыктан продукцияны көзөмөлдөө боюнча мындан дагы катуу стратегия болушу керек. Докладдардын биринде өндүрүш убагында түзөтүүлөр киргизилген учурда РНКнын көлөмү 75 пайызга чыгышы мүмкүн экенин айтыптырсыңар. Бирок бул дагы клиникалык сыноо учурундагы колдонулган вакциналардын курамына туура келбей жатат", — деп жазылган ЕДКАнын катында.

15-январь күнү BioNTech менен Pfizer өндүрүш кайрадан кечиктирилип жатканын жар салып, керектүү көлөмдө вакциналар Бельгиянын Пурс шаарындагы заводдо жасалып жатканын кошумчалашты.

Акыры Европанын дары каражаттары агенттигинен компаниялар РНКнын көлөмү боюнча көйгөйдү чече алганын билдиришти.

18
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Европа
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда