Жээнбеков Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүнү тапшырды

© Sputnik / Эмиль СадыровСаясий ишмер Исхак Раззаковдун портрети. Архив
Саясий ишмер Исхак Раззаковдун портрети. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын өнүгүүсүнө опол тоодой салым кошкон саясий ишмер 1910-жылы Лейлекте туулуп, 69 жашында дүйнөдөн өткөн.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков "Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоо жөнүндө" Жарлыкка кол койду. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстандын согуштан кийинки социалдык-экономикалык калыптануусуна зор салым кошкон мамлекеттик жана саясий ишмер Исхак Раззаковдун ысымын түбөлүккө калтыруу максатында 110 жылдыгы жогорку улуттук деңгээлде белгиленет.

Ал эми өкмөткө төмөнкүлөр сунушталды:

Бир айлык мөөнөттө Исхак Раззаковдун 110 жылдыгын майрамдоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу комитетин түзүү. Иш-чараларды даярдоо жана өткөрүү планын иштеп чыгып бекитүү;

Коюлган планды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен зарыл болгон финансылык каражат бөлүү;

Кыргыздын камчыга сап уулу Исхак Раззаковдун сейрек сүрөттөрү - Sputnik Кыргызстан
Кыргыздын камчыга сап уулу Исхак Раззаковдун сейрек сүрөттөрү
Жарлыктын аткарылышын президенттин аппаратынын мамлекеттик башкаруу саясаты жана уюштуруу-инспектордук иш бөлүмү көзөмөлдөйт.

Исхак Раззаков 1910-жылы 25-октябрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Коросон айылында жарык дүйнөгө келген. Тагдырдын жазмышы менен үч жашында энесинен, сегиз жашында атасынан айрылып жетим калган. Балдар үйүндө тарбияланган болочоктогу саясатчы 1938-жылы Москвадагы пландоо институтун аяктаган. Эмгек жолун Өзбекстанда баштап, ал жакта узак убакыт иштеген.

35 жашында Министрлер советинин төрагасы, беш жылдан кийин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин биринчи катчысы болуп дайындалган. Бул мезгил аралыгында өлкөнүн өнүгүүсү үчүн бараандуу салым кошуп, бир топ ишканаларды ачып, ири долбоорлорду ишке ашырган.

Саясий ишмер 1979-жылдын 19-мартында каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0