Лаборатория кызматкери. Архивдик сүрөт

Кытайда пайда болгон жаңы оору Кыргызстанга өтүшү мүмкүнбү? Министрликтин жообу

6179
(жаңыланган 20:27 10.01.2020)
Декабрдын этегинде Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган. Илдеттин агымы SARS курч респиратордук синдромун эске салып жатканы айтылат. Ал "кара кочкул өлүм" деген атты алган типтик белгилери жок пневмония.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өпкө оорусунун жаңы түрү өлкөгө кирип кетпеши үчүн кыргыз-кытай чек ара бекеттеринде медициналык көзөмөл күчөтүлдү. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санэпидемкөзөмөлдөө департаментинин эпидемиологиялык башкармалыгынын башчысы билдирди.

Белгилей кетсек, декабрдын аягында Ухань шаарынын Хубэй провинциясында белгисиз өпкө оорусунун жайылганы байкалган.

Жороев учурда алар Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму аркылуу Кытайдагы кырдаал боюнча маалымат алып жатышканын билдирди. Анын айтымында, жаңы оорунун кайдан келип чыкканы азырынча белгисиз. Ошондой эле бул вирустун адамдан адамга жуккан фактысы каттала элек.

Жороев Кытай менен чектешкен Торугарт жана Эркечтам көзөмөл өткөрүү бекеттеринде жана "Манас" аэропортунда көзөмөл күчөтүлгөнүн белгиледи. Ошондой эле кыргызстандык медиктер тепловизорлорду колдонуп жатканын кошумчалады.

"Эгер оорунун биринчи белгилери байкалса, мисалы, адамдын дене табы көтөрүлүп турган болсо тепловизор бейтапты заматта аныктайт. Эгер оорулуу адам табылса сөзсүз дарыланууга жөнөтүлөт. Бүгүнкү күндө мындай бейтаптар аныктала элек", — деди Жороев.

Ал ошондой эле санитардык көзөмөлдөн Кыргызстандын да, Кытайдын да жарандары өткөрүлүп жатканын белгиледи.

Ооруп калгандарды Кыргызстанга өткөрбөө үчүн ушул чаралар жетиштүүбү деген суроого Жороев өлкөдө дартты аныктоо системасы эбак эле жөнгө салынганын билдирди. Тагыраагы, эгер оорулуу адам чек арадан өтүп кеткен күндө дагы дарттын биринчи белгилери менен мамлекеттик же жеке клиникалардагы медиктерге кайрылышса, сөзсүз түрдө Саламаттык сактоо министрлигине кабар берилет.

Эске салсак, ЖМКлардын маалыматына караганда, 3-январда мындай 44 учур катталып, 11 адам оор акыбалда болгон. Оорулуулар менен жакын жүргөн 160тан ашык адам көзөмөлгө алынган. Оорулуулар денесин калтырак басып, дем алуусу кыйындап жатканын айтышкан. Көкүрөк клетканын рентгенографиясы оору өпкөнү жабыркатарын көрсөткөн.

Илдеттин агымы SARS курч респиратордук синдромун эске салып жатканы айтылат. Ал "кара кочкул өлүм" деген атты алган типтик белгилери жок пневмония. Вирус 2002-жылы Кытайда пайда болуп, 2003-жылдын июнь айына чейин катталган. Бул убакытта 8 437 киши оору менен жабыркап, анын 813ү каза тапкан.

6179
Белгилер:
оору, вирус, Кытай, Кыргызстан
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус (518)
Тема боюнча
Кайсы тамактын кишини өлүмгө тез жетелери айтылды. Изилдөө