Таласта эл бактын башынан кармаган бала илбирске операция жасалды. Сүрөт, видео

© AFP / Ronaldo SchemidtЗоопарк Чапультепек в Мехико, Мексика
Зоопарк Чапультепек в Мехико, Мексика - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Рентгенге тартканда илбирстин баш жагынан 60ка чукул майда чачма ок табылган. Ал эми оң кареги адамдар таап алып, кармаганга чейин эле агып калган.

БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Ветеринарлар Таластан эл бактын башынан таап, кармап алган ак илбирстин баласы азыр эмне болгондугун Германиянын Кыргызстандагы Жаратылышты коргоо союзунун маалымат катчысы (NABU) Зарина Эсенбаева Sputnik Кыргызстанга айтып берди.

Буга чейин Таласта эл бактын башынан илбирстин баласын көрүп, аны алып түшүп кармагандыгы боюнча кабарланган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Sputnik Кыргызстан (@sputnik_kyrgyzstan)

Аталган мекеменин ветеринары Бакыт Ажыбековдун айтымында, бала илбирсти Бишкекке оор абалда алып келишкен.

“Операцияны Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинде ветеринария боюнча илимдин кандидаттары Николай Подгорный, Нуркул Мырзаканов жана Бакыт Ажыбеков 1,5 саатка чукул кылды. Анын баш жагынан эле 60ка чукул чачма ок табылды. Андан сырткары, маңдай жагынан, көзүнөн, оозунан жана тилинен октун майда чачмалары табылды. Ак илбирстин оң көзүнөн эки майда ок алып чыктык. Бирок анын кареги адамдар таап алып, кармаганга чейин эле агып калган”, - деп кабарланган маалыматта.

Илбирстин сол көзүнүн көрүшү да болжол менен 40 пайызды түзөрүн Бакыт Ажыбеков айтып берди.

"Мойнундагы жана таманындагы майда чачма окторду наркоз тарап бара жаткандыктан алганга жетишкен жокпуз. Калган октор туура антибиотиктерди сайганда өзү эле сыгылып чыгат. Азыр жырткычтын абалы оор, бир аз суу бердик", — деп айткан ветеринар.

Адистер кармалган бала илбирс эркек экенин, болжол менен эки жашка чыккандыгын айтышты.

Ветеринарлар аны жакын эле жерден атышкан деген божомолун кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0