Муфтият зыяратчылардын кийимине сынак жарыялады. Талаптары

© Фото / пресс-служба ДУМККонкурс по пошиву формы для паломников 2019 года
Конкурс по пошиву формы для паломников 2019 года - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Арыздар 27-январга чейин кабыл алынат. Катышуучулар арыз менен бирге ишкана документтеринин жана лицензиянын копиясын, аялдар жана эркектер кийиминин үлгүлөрүн тапшырышы керек.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы зыяратчылар үчүн кийим тигүүгө сынак жарыялады. Бул тууралуу аталган муфтияттан билдиришти.

Ага ылайык, арыздар үстүбүздөгү жылдын 27-январына чейин кабыл алынат. Конкурс 30-январда муфтияттын имаратында саат 09:00дө өткөрүлөт.

Талаптары:

  1. Убактылуу республикалык штабдын (УРШ) төрагасынын атына конкурска катышуу боюнча арыз;
  2. Конкурска катышуучу жактын иш кагаздарынын көчүрмөлөрү;
  3. Лицензиянын (патенттин) көчүрмөсү;
  4. Салык жана Соцфондго атайын төлөмдөр боюнча карызы жоктугун тастыктоочу документ;
  5. Конкурска катышуучу жактын тигүү ишканалар рыногундагы кеминде үч жылдык ишмердигин тастыктоочу каржы иш кагаздары;
  6. Реквизиттер;
  7. УРШнын мүчөлөрүнө ажылык сапарында кийүүчү жайкы кемселдин эркектер жана аялдар үчүн үлгүсүн конкурска көрсөтүү.

Эске сала кетсек, Сауд Аравия падышачылыгы быйыл кыргызстандыктардын ажыга баруусуна 6110 квота бөлүп берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0