Түгөйлөр. Архивдик сүрөт

Күйөөм сыртка чыкса эле баягысы менен жүргөндөй туюлат... Аялдын каты

4946
(жаңыланган 16:37 11.01.2020)
Sputnik Кыргызстан купуялуулук шарты менен окурмандардын жеке турмушуна байланышкан көйгөйлөрдү жарыялап келет.

"Психолог менен баарлашуу" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында күйөөсүн кызганып, ал абалдан чыга албай жаткан аялдын каты жарыяланды.

...Саламатсызбы? Мен да көйгөйүмдү айткым келди.

Жашым 42де, күйөөм быйыл 44кө чыгат. Үч жыл мурда жолдошум башка менен табышып алганын билип калдым. Өмүрүңдү, жашооңду арнап койгон адам мындай кадамга барса жаман болот экенсиң. Өлүп калайын дедим. Канча уруштук, үйдө жаңжал, уруш-талаш көп болду. Күйөөм танган жок, баарын мойнуна алды, бирок токтотконун айтып менден кечирим сурап келет. Эми ага болгон ишеничим жоголуп кетти. Ишенбей калдым, ишенбейм дагы. Жаныман артык көрөм, сүйөм, бирок ишенбейм. Күйөөм жок мага жашоо кызыксыз. Албетте, анын жанымда болушун каалайм. Эч кимге ыраа көрбөйм.

Ортобузда 5 бала бар, кичүүсү алты айлык. Улуу кыздарым турмушка чыгып, неберелүү болгонбуз. Аларга алаксыйм, бирок күйөөм жумушка кетсе деле, көчөгө чыкса деле башкага кеткендей, баягысы менен жүргөндөй туюла берет. Ар бир айткан сөзүнөн күмөн санап, эмне мааниде айтты болду экен деп ойлоно берип чарчап да бүттүм. Өзүмдү эч бир колго ала албай койдум. Эч нерсеге көңүлүм жок, тамак да ичким келбейт. Аябай кыйналып кеттим. Мен эми өмүр бою ушинтип каламбы, жашообуз эмне болот, мен эмне болом?..

Муратбек Султанбеков, психолог:

--Бул аялдын абалы неврологиялык илдетке айланып бара жаткандай. Ошондуктан айтарым, тезинен, убакытты созбой өз ишин мыкты билген психиатрга барып көрүнүшү керек. Анткени бул сезимдер, бул абал кийинчерээк депрессияга алып келет. Жакшы консультация алып, атургай психотерапевттик сеанстардан өтүп коюу да ашыкча болбойт. Андан башка кеңеш айта албайм.

4946
Белгилер:
абал, үй-бүлө, аял, кеңеш, кат, психолог
Тема:
Психолог менен баарлашуу (151)
Тема боюнча
Психолог: зордук-зомбулуктун айынан үйүнөн качкан балдардын көбү айылдан
Зомбулукка кабылган аялдар кайда кайрылса болот? Дарек, телефондор
Күйөөгө тийбей жатып күйөөдөн качып калдык. Акыркы окуялар үрөй учурганда
Өспүрүм бала. Архив

Акыйкатчы институту: Чүйдөгү балдар үйүндө өспүрүм белгисиз жагдайда каза болду

29
Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Военно-Антоновкадагы балдар үйүндө 13 жашар өспүрүм көз жумуп, мындан улам өлкө акыйкатчысы аталган мекеменин жетекчисинин кызматтан четтетилишин талап кылып жатат. Бул тууралуу окуяны өз көзөмөлүнө алган Акыйкатчы институтунан билдиришти.

Маалыматка караганда, Военно-Антоновкадагы балдар үйүнүн тарбиялануучусу, 6-класстын окуучусу Игорь Якуниндин өлүмү боюнча факт Сокулук райондук милициясы тарабынан 1-июнда катталган. 2-июнда Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынган.

"Баланы багып алууга ниеттенип жүргөн АКШлык үй-бүлө жактоочу жалдаган. Анын маалыматы боюнча, тергөө амалдарын жүргүзүүдө бир катар мыйзам бузуулар болгон. КР Акыйкатчы институту ИИМге ишти министрликтин Башкы тергөө башкармалыгына өткөрүп берүү тууралуу, ошондой эле Билим берүү жана илим министрлигине балдар үйүнүн директорун тергөө учурунда кызматынын четтетүү тууралуу кат жолдоду", — деп айтылат билдирүүдө.

Акыйкатчы институтунан билдиришкендей, каза болгон өспүрүм буга чейин өзүн асырап алуучулар менен төрт жолу жолуккан.

"Якуниндин трагедияга чейин ден соолугу чың болгону тууралуу медициналык маалым каттар бар. Дагы бир маанилүү нерсе, 2020-жылы февралда КР Акыйкатчы аппаратынын балдарды коргоо бөлүмү балдар мекемелерине, анын ичинде Военно-Антоновкадагы балдар үйүнө да мониторинг жүргүзгөн эле. Жыйынтыгында бир катар сунуштамалар берилген. Бирок алар өз убагында аткарылган эмес. Бул фактылар боюнча да күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Мекемеден кошумчалашкандай, бул фактыны иликтөө боюнча өкмөттүк комиссия түздүрүү боюнча аракеттер көрүлүп жатат.

Ал эми өлкө президентинин маалымат кызматынан билдиришкендей, аталган окуя боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, маселени Кыргызстандын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жыпариса Рысбекова өз көзөмөлүнө алды. Учурда окуянын чоо-жайы такталып жатат.

29
Белгилер:
иликтөө, Акыйкатчы институту, өлүм, өспүрүм, балдар үйү
Тема боюнча
Айзаданы ала качууга шектүүлөрдүн бири окуянын чоо-жайын айтып берди
New Shepard кемесинде Blue Origin жана Amazon ишканаларынын негиздөөчүсү Жефф Безос. Архив

11 мүнөт үчүн 28 миллион доллар. Безос менен космоско учуучу орун сатылды

30
(жаңыланган 13:31 13.06.2021)
Аукционго катышуу ниетин билдирип дүйнөнүн 159 өлкөсүнөн 7 600 киши катталды. Жеңүүчү аукцион бүткөндөн бир нече апта өткөн соң жарыяланат.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Аты айтылбаган сатып алуучу америкалык Blue Origin компаниясынын New Shepard кемеси менен космоско учуу мүмкүнчүлүгү үчүн 28 миллион доллар төлөдү. Бул тууралуу аталган компанияга таянып "Известия" жазды.

Сатыкка катышуу үчүн 159 өлкөдөн 7 600дөй киши катталган. Аукциондун жеңүүчүсү New Shepard кемесинде Blue Origin жана Amazon ишканаларынын негиздөөчүсү Жефф Безос жана анын агасы Марк менен бирге 20-июлда космоско учат. Асманга учуу болжол менен 11 мүнөткө созулат.

New Shepard Техастагы космодромдон көтөрүлөт.

Капсула экипаждан ажырагандан кийин тигинен конууга туура келет, капсула Жердин бетинен болжол менен 105 чакырым бийиктикке көтөрүлүп, андан кийин парашют менен конот.

Жеңүүчү аукцион бүткөндөн бир нече апта өткөн соң жарыяланары белгиленет. Кийинчерээк төртүнчү жана экипаждын акыркы мүчөсүнүн ысымдары айтылат.

Blue Origin буга чейин New Shepard космос кемесинде пилотсуз режимде 15 ирет тесттик учуулар жасалган. Акыркысы апрель айынын орто ченинде болгон.

30
Белгилер:
АКШ, Жефф Безос, учуу, космос, аукцион
Тема боюнча
Кытай алгачкы жолу Марска космостук аппаратын кондурду