"Navat" кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү

Жазылуу
Кафеден чыккан өрт саат 12:51де толугу менен өчүрүлгөн. Кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеген.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Бишкектеги "Navat" кафесинен чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Эске салсак, бүгүн, 11-январда, Бишкектеги кафелердин биринен өрт чыккандыгы кабарланган. Куткаруучуларга кырсык тууралуу маалымат саат 11:52де түшкөн.

"Ибраимов жана Москва көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан "Navat" кафесинен чыккан өрт саат 12:51де толугу менен өчүрүлдү", — дешти ӨКМден.

Кырсык болгон жерде эки өрт өчүрүүчү унаа иштеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0