Чек ара көйгөйү: кыргыз делегациясы бүрсүгүнү тажик делегациясы менен жолугат

Жазылуу
Кыргызстандын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, УКМКнын, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болору айтылды.

Бишкек, 12-янв. — Sputnik. Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков башында турган Кыргызстандын делегациясы 14-январда чек арадагы кырдаал боюнча тажик тарап менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Жолугушуунун чектеш жерде, тагыраагы, Баткен облусунун аймагында өтөрү белгилүү болду.

Кыргызстандын делегациясынын курамында Башкы прокуратуранын, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин жетекчилери, ошондой эле тиешелүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү болору айтылды.

"Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы кырдаал, аны турукташтыруу боюнча мындан аркы чаралар, чек ара коопсуздугун бекемдөө, чек ара окуяларын алдын алуу чаралары талкууланат", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин активдештирүү маселелери көңүл борборунда болору кошумчаланган.

10-январдагы чек ара чыры

Эскерте кетсек, 2020-жылдын 10-январга караган түнү, саат 00:40 чамасында Баткен районунун Жака-Өрүк аймагында белгисиз адамдар Баткенди көздөй бара жаткан кыргызстандыктын автоунаасын ташка алып, терезелери талкаланган. Андан соң алар Тажикстанды көздөй кирип кетип, из жашырган.

Ал эми саат 1.00дө Тажикстандын Көчө-Карын тарабынан кишилер Баткенден Көк-Таш айылын көздөй бара жаткан дагы бир кыргызстандыктын автоунаасына таш ыргыткан. Анын да маңдайкы айнеги сынган.

Похороны погибшего военнослужащего отряда специального назначения Бору ГПС КР Равшана Муминова - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт чек ара чырында окко учкан Муминовдун үй-бүлөсүнө турак жай берди
Болжол менен 02:40та тажикстандыктар Дахма аймагындагы кыргызстандыктардын үйүн ташка алган. Ал жерге барган кыргызстандык чек арачылар менен милиция кызматкерлерине Тажикстан тараптан ок атылган.

Түзүлгөн кырдаалга байланыштуу айылдагы аялдар менен балдар мектептин имаратына алып келинген.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Тажикстан өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен телефон аркылуу 10-январга караган түнү кыргыз-тажик тилкесинде болгон окуядан кийинки кырдаалды турукташтыруу боюнча маселени талкуулаган.

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаал боюнча тажикстандык кесиптеши Сироджиддин Мухриддин менен телефон аркылуу сүйлөшкөн. Аны менен бирге эле Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси Тышкы иштер министрлигине чакыртылган.

11-январда Кыргызстан жана Тажикстан президенттери Сооронбай Жээнбеков менен Эмомали Рахмон телефон аркылуу кыргыз-тажик чек арасындагы абалды сүйлөшкөн. Анда Жээнбеков биргелешкен иликтөөнүн натыйжасында чек арадагы чыр-чатактын чыгуусуна күнөөлүүлөрдү жазага тартуу керектигин баса белгилеген.

Жаңылыктар түрмөгү
0