Баланы жеди деген калп! Кыргызстанда тартылып, тарап кеткен видеонун чоо-жайы

© Фото / Полномочное представительство КР в Иссык-Кульской областиПоминальная молитва по двум пропавшим без вести сотрудникам в "Кумтор"
Поминальная молитва по двум пропавшим без вести сотрудникам в Кумтор - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнөн социалдык тармакка жалган маалымат менен тараган видео тууралуу айтып беришти.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Социалдык тармакта тоолуу жерде аялдар ыйлап, кишилер кыргыз тилинде нааразы болуп сүйлөп жаткан видео тарады.

Видеону орус тилинде аудио жазуу коштоп, Кыргызстанда Кытай жарандары иштеген жер табылганы айтылат. Андан ары ошол эле үн “кытайлар жеген балдар табылды” деген маанайда “баянын” уланткан.

Жакшылап караган кишиге видеодо жакында, 10-январда, Кумтөр кенинде жер көчкү басып калып, табылбай жаткан эки адамга арналып куран окулган учур экени байкалат.

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат катчысы Sputnik Кыргызстан агенттигине “бала желген” деп таратылган видео чындыкка дал келбегендигин билдирди.

"Ал жерде мен дагы болгонмун. Бул "Кумтөр" компаниясынын табылбай калган жумушчуларына окулган жаназа. Анда облус жетекчиси, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, компания кызматкерлери жана ӨКМ, андан сырткары да бир топ адамдар болгон. Карайып жаткандар – табылган автоунаалардын калдыктары”, - деп айтып берди Кожоев.

Кумтөр кенинде көчкү басып калган эки кызматкерди издөө иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кумтөрдө жоголгон жумушчулар 40 күндөн бери табылбагандыктан издөө токтотулду
Ал таратылган видеонун авторлору коом этикасын бузуп, элдин эмоциясын башка багытта берип, маалыматты бурмалап жаткандыгы боюнча пикирин кошумчалады.

Эске салсак, 2019-жылдын 1-декабрында саат 5.43тө "Кумтөр" компаниясынын жумушчулары Өмүрбек Ишенбеков менен Жолдошбек Жунушевди Кумтөр кенинин Лысый аймагында жердин борпоң теги көчүп басып калган.

Кендин ачык жерлеринде иш токтоп, ӨКМден 94 куткаруучу, кинологдор жана альпинисттер издөө иштерине катышкан. "Кумтөр Голд Компани" ишканасынын 40 техникасы тартылган.

Издөө иштери 40 күнгө созулуп, сөөктү таба албай койгондуктан, бул аракеттер токтотулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0