Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Документ суроого акысы жок. Жакында болчу эл каттоо жөнүндө 10 суроого жооп

1464
(жаңыланган 14:37 14.01.2020)
Быйыл 23-марттан 1-апрелге чейин Кыргызстанда элди жана турак жай фондун каттоо иш-чарасы өтөт. Ага ар бир кыргызстандык катышууга милдеттүү.

Эл каттоо — Бириккен Улуттар Уюмунун сунушу менен ар бир 10 жылда дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдүн статистика кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ири изилдөө. Ал Кыргызстанда быйыл биринчи жолу мурдагыдай кагаз түрүндө эмес, электрондук форматта өтөт. Иш-чаранын мындан башка дагы жаңычылдыктары бар.

Андыктан Sputnik элге түшүндүрүү максатында эл каттоо тууралуу эң көп берилген суроолорго жооп издеди. Макаланы даярдоого Улуттук статистика комитетинин Эл жана турак жай фондун каттоону уюштуруу тобунун жетекчиси Анара Кудакеева жардам берди.

Эл каттоо кандай максатта өткөрүлөт?

Өлкө калкынын курамын билүү, 10 жыл аралыгында социалдык, экономикалык жана демографиялык абалынын канчалык өзгөргөнүнөн кабар алуу үчүн маалыматтарды чогултуу.

Мурдагыдан кандай айырмасы бар? 

Быйыл салыштырмалуу көбүрөөк маалымат топтолот. Мисалы, буга чейин каттоочулар  маалыматты үч топко бөлүп чогултушса, быйыл беш топко бөлүшөт. Тагыраагы, мигранттар жана майыптар тууралуу дагы маалымат алышат. Экинчи жаңылык — элден алынган маалымат мурдагыдай кагазга жазылбай электрондук түрдө сакталат. Башкача айтканда, каттоочу өзүнүн смартфону аркылуу Улуттук статистика комитетинин жалпы базасына кирип, маалыматты дароо ошол жакка жөнөтөт. Буга чейин адистер Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым айылдарында пилоттук негизде каттоо жүргүзүп, долбоор ийгиликтүү аяктаган.

Каттоочуларды кантип тааныйбыз?

Каттоочу үйгө келери менен өзүн тааныштырып, күбөлүгүн көрсөтүшү керек. Ар бир күбөлүктө  QR-код болот. Жаран үйүнө бөтөн адам келгенде ал алдамчы эмес, каттоочу экенин так билүү үчүн QR-кодду смартфон аркылуу сканерден өткөрүшү керек. Мындан соң смартфондун экранында Улуттук статкомдун серверине шилтеме чыгат, анда каттоочунун сүрөтү, фамилиясы, аты, атасынын аты болот. Баса, каттоочу өзүн сылык-сыпаа алып жүрүшү зарыл. Ал эч кимди эч нерсеге мажбурлабайт.

Кандай маалыматтар чогултулат?

  • Биринчи форма — жашоочулардын тизмеси, үйдө канча адам жашаса, ошонун бардыгы кирет;
  • Экинчи форма — тизмеге кирген ар бир адамдын туулган жылы, жарандыгы, тили, билими, социалдык абалы жазылат. Баса дал ушул формада майыптыгы бар жарандардын абалы тууралуу дагы маалымат алынат;
  • Үчүнчү форма — турак жайдын ыңгайлуулугу боюнча маалымат.  Аянты, бөлмөлөрдүн саны, эмеректери, шарты жана башкалар;
  • Төртүнчү форма — мигранттар тууралуу маалымат. Буга чет өлкөгө иштөө үчүн бир жылдан ашык убакытка кеткендер кирет; 
  • Бешинчи форма — жамааттык мекемелерде убактылуу болуп жаткандардын саны. Мисалы, оорукана же мейманканаларды кыдырып, оорулуулар же кардарлар тууралуу маалымат алынат.

Студенттер каттоодон кантип өтөт?

Сурамжылоо учурунда үй ээси баласы студент экенин, убактылуу кайсы шаарда окуп, жашап жүргөнүн айтышы керек. Алар биринчи жана экинчи формага "убактылуу үйүндө жок" деп жазылат. Бирок окуп жаткан шаарда жашаган батирине же жатаканага барган каттоочулар тарабынан эсепке алынат.

Турак жайды каттоо

Турак жай тууралуу маалымат жарандардын жашоосу канчалык ыңгайлуу экенин билүү үчүн гана алынат. Каттоочу үйдүн кимге жазылганын, документтерин сурабайт. Андыктан кыймылсыз мүлкү тууралуу маалымат бергиси келбегендер чочулабай эле жооп бере берсе болот.

Документ керекпи?

Каттоочулар бардык маалыматты оозеки алышат. Башкача айтканда, үй ээси айтып берген гана нерселерди жазышат. Ал эми кандайдыр бир документти талап кылууга укугу жок.

Маалымат берүүдөн баш тартса болобу?

Эл жана турак жай фондун каттоо жөнүндө мыйзамга ылайык, ар бир жаран каттоочунун суроосуна жооп берүүгө милдеттүү. Чочулоонун кереги жок. Анткени жеке маалыматтар купуя болуп саналат, жарыя кылынбайт жана жеке мүнөздөгү маалымат менен иштөөнү жөнгө салган мыйзамында белгиленген тартипте корголот. Каттоочу кызматкерлер толтурулган документтердин мазмунун башка бирөөгө билдирүүсүнө тыюу салынат. Талапты аткарбаган учурда жоопко тартылат.

Мигранттар

Алгачкы ирет мигранттар тууралуу маалымат чогултулат. Документке мигрант катары киргизиш үчүн ал адам өз мекенинен бир жылдан ашык убакытка кеткен болушу керек. Бир нече гана айга сыртка чыккан адам туруктуу жаран катары эсептелет. Мындай жол менен Улуттук статистика комитети мигранттардын реалдуу санын, алар кайсы өлкөдө, эмне иш менен алек болорун билүүнү максат кылат.

Канча каражат кетти

Иш-чара Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланды.  Уюм кайтарымсыз негизде 547, 5 миллион сом берген. Эл каттоого жалпысынан 27 миң кызматкер тартылат. Алардын 24 миңи — каттоочулар, 2600ү — көзөмөлдөөчүлөр, 500ү — координаторлор.

1464
Белгилер:
турак үй, документ, каттоо, Кыргызстан
Тема боюнча
Эл каттоо: үйгө шылуун эмес, каттоочу келгенин кантип айырмаласа болот
Исалиев: эл каттоого карата 24 109 кызматкер атайын окуудан өтөт