Чүйдүн жаңы түзүлгөн медиаборборуна жетекчи дайындалды

© Sputnik / Алексей Дружинин / Медиабанкка өтүүЗаседание правительства РФ
Заседание правительства РФ - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук медиаборбору — бул телеканал, гезит, веб-сайт, онлайн-көрсөтүүнү камтыган мультимедиалык борбор.

БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Калыйбек Тайтекеев Чүй облустук медиаборборунун директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашты.

Жаңы жетекчи бүгүн, 13-январда, коллективге тааныштырылган.

Медиаборборго директорду дайындоо боюнча буйрук талапкерлердин документтерин караган комиссиянын бүтүмүнүн негизинде чыгарылды. Комиссиянын курамына Маданият министрлигинин, Маалымат жана массалык коммуникация департаментинин, ошондой эле медиа коомчулуктун өкүлдөрү кирген.

"Сынакка төрт талапкер катышкан. Алар медиаборборду өнүктүрүү боюнча презентация даярдашкан. Атайын комиссия алардын документтерин жана презентациясын карап чыгып, Тайтекеевдин талапкерлигин сунушташты", — деп айтылат маалыматта.

Визит президента КР Сооронбая Жээнбекова в Кеминский район  - Sputnik Кыргызстан
Стамалиеванын ордуна башка дайындалды. Президенттик аппараттагы өзгөрүүлөр
Чүй облустук медиаборбору — бул телеканал, гезит, веб-сайт, онлайн-көрсөтүүнү камтыган мультимедиалык борбор. Ал облустагы бардык алты районду камтыйт. Ар бир райондо экиден кабарчы иштемекчи.

Буга чейин Маданият министрлиги мындай борборлор аймактык ЖМКлардын ордуна ачыла турганын кабарлаган.

Калыбек Тайтекеев 1967-жылы төрөлгөн. Журналистика багытында жогорку билими бар. 15 жылдан ашык убакыт бою КТРКда түрдүү кызматтарда иштеген. Жети жыл бою Ысык-Көл облустук телерадиокомпаниясын жетектеген. КТРКнын Байкоочу кеңешинин мүчөсү болгон. 2017-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Чүй облустук "СТВ" телерадиокомпаниясынын башкы директору болуп келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0