Бишкек мэриясынын имараты. Архивдик сүрөт

Жол чырак жасап баштайт. Мэрия быйыл Бишкекте болчу өзгөрүүлөр тууралуу айтты

148
(жаңыланган 10:46 14.01.2020)
Мэрия жарандардын шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорду каржылап берүүгө белсенүүдө.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов шаардык кызматтардын жана структуралык бөлүмдөрүн башчылары менен кеңешме өткөрүп, анда 2020-жылда жасала турган иштер талкууланды. Бул туурасында калаа мэриясынын маалымат кызматы кабарлады.

Биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев быйыл шаардын бюджети биринчи жолу 10 миллиард сомго жетерин билдирген.

"Бул жылы Бишкекте жарандык демилгелерди ишке ашырууга багытталган пилоттук долбоор башталат. Анда шаардын инфраструктурасын жакшыртууга багытталган долбоорун сунуштаган жарандарга каржылык колдоо көрсөтүлөт. Мындан ары салыктык жана салыктык эместик кирешелер, чыгашалар, сатып алуулар, электрондук аукциондор боюнча иштелип жаткан каражаттар ачык-айкын элге көрсөтүлүп турат", — деди вице-мэр.

Ал эми курулуш жана архитектура маселелери боюнча вице-мэр Уланбек Азыгалиев быйыл 63 билим берүү мекемеси, 9 саламаттык сактоо, 7 маданий жана башка 60 социалдык негиздеги имарат капиталдык ремонттон өтө турганын белгиледи. Мындан сырткары, жаңы курулуштар дагы болот.

Транспорт жана жер саясатын тескеген вице-мэр Азиз Алымкулов Европа, Түркия жана Россиянын тажрыйбасын үйрөнүп келген кызматкерлер "Бишкек асфальт сервис" ишканасынын цехинде жол чырактарды чогултуп жасоого даяр экенин айткан. Муну менен бюджеттен 50 пайыз акча үнөмдөлөт.

Ошондой эле жер тилкелерин жөн гана конкурс аркылуу эмес, электрондук аукцион менен берүү пландалууда. Бул боюнча документтерди Бишкек шаардык кеңеши жактырып берсе ишке кирет.

Суракматов транспорт тармагында жана социалдык саясат боюнча реформа жүрбөй жатканына нааразы болду. Жарандардан дагы деле арыздануулар түшүп жатканын эскертип, тез арада иштин багытын жана методдорун кайра карап чыгууну тапшырды.

Мэр турак жай-коммуналдык чарбасы боюнча вице-мэр Мирлан Амантуровго калаадагы отканаларды газга өткөрүү ишин тездетүүгө тапшырма берди. Мындан сырткары, шаардык кызматтардын, өзгөчө "Тазалыктын" жумушчуларынын ишин жандантуу үчүн жаңы техника менен камсыздалып турушун эскертти.

148
Белгилер:
Азиз Суракматов, бюджет, жол чырак, Бишкек мэриясы
Тема боюнча
Бишкек мэриясына кошумча курулчу имараттын эскизи жарыяланды
Суракматов: Футбол федерациясы 10 млн. долларлык гранттын документин көрсөткөн жок