860-полктун офицери, афган согушунун ардагери, отставкадагы полковник, СССРдин Аскердик күжүрмөндүк жана экинчи даражадагы Аскердик кызматта каармандыгы үчүн медалдардын ээси Таалайбек Садыров

Афганистандагы кыргыздарга таң калып сыймыктандык. Согуш ардагери Садыровдун маеги

1198
(жаңыланган 15:59 14.01.2020)
1979-жылы 12-декабрда СССРдин жетекчилиги Афганистанга армиясын киргизүү жөнүндө чечим кабыл алат. Эң биринчилерден болуп Афганистанга аскердик транспорттук учактар менен 103-гвардиялык аба-десант дивизиясы жеткирилген.

1978-жылы апрелде Афганистандын жаңыдан бийликке келген "Элдик демократиялык" партиясынын лидерлери өлкөдө социалдык-экономикалык реформаларды жүргүзүүгө умтулган. Ошол эле учурда мурдагы бийликтин тарапкерлерине, диний өкүлдөргө жана оппозицияга каршы аёосуз репрессияларды жүргүзөт. Дал ушул себептен улам өлкөдө жарандык согуштун оту тутана баштаган. Мындан улам Афганистандын жаңы өкмөтү СССРдин жетекчилигине жардам берүү өтүнүчү менен кайрылган.

24-декабрда Ош шаарында жайгашкан Псков атындагы 860-өзүнчө мотоаткычтар полку советтик Памир аркылуу Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагына кирүү үчүн маршка чыгып, ал жакка 1980-жылы 10-январда барат. Белгилей кетсек, буга чейин жана андан кийин да ушул аскердик бөлүктүн тоолор аркылуу бийик ашуулардан ашып өткөн эрдигин дүйнөлүк тарыхта эч бир армия кайталаган жок. Колумнист Алмаз Батилов 860-полктун офицери, афган согушунун ардагери, отставкадагы полковник, СССРдин "Аскердик күжүрмөндүк" жана экинчи даражадагы "Аскердик кызматта каармандыгы үчүн" медалдардын ээси Таалайбек Садыров менен маектешти.

Офицер 860-полка, полковник в отставке, ветеран афганской войны Таалайбек Садыров
© Фото / из личного архива Таалайбека Садырова
Таалайбек Садыров 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун 1-тоолуу Бахарак батальонунун каза болгон жоокерлерине арналган эстеликтин жанында. Даңк аллеясы. Июль айы 1981-жыл.

— Аскердик кызматты кандайча тандап калдыңыз эле?

— Бала кезимден офицер болгум келчү. Бул кыялымды ишке ашырыш үчүн 1972-жылы Свердловск шаарындагы Суворов атындагы аскер мектебине өтүп, ийгиликтүү аяктадым. Андан кийин 1974-жылы Алма-Ата шаарындагы Иван Конев атындагы жалпы аскердик окуу жайын бүттүм. Менин кесибиме энем каршы болгон эле. Ал мени дарыгер болсо деп самачу. Бирок буга карабастан максатыма жеттим (күлөт). Апам Эркин Өмүрзакова Талас облусунда белгилүү педагог, партиялык жана мамлекеттик кызматкер катары таанымал. Бир тууган иним Максатбек Садыров да аскер кызматты тандап алган. Ал УКМКнын отставкадагы генералы.

— СССРдин аскердик жетекчилиги сиздин полкту Афганистанга жиберерин билчү белеңиздер?

— 1978-жылы Ош шаарындагы 860-өзүнчө мотоаткычтар полкунда лейтенант наамында кызматымды өтөй баштадым. Декабрь айынын башында жетекчилик аскердик бөлүгүбүздү күжүрмөн даярдыкка келтирди. Алар бизге совет-афган чек арасына чейин барып, бир аз убакыт туруп, кайра кайтасыңар деп айтышкан. Бирок Афганистанга кирерибизди билген жокпуз. 24-декабрда түн ичинде саат ондон баштап түнкү саат үчкө чейин полкко мобилдик резервде катталган, мурда армияда кызмат өтөгөн жергиликтүү жигиттер келе баштады. Буларды аскердик тилде партизандар деп коюшат. Алардын тизмесин алып, кийим берип казармага жайгаштырдык. Бөлүктөгү жоокерлердин саны 36дан 90го чейин көбөйдү, курал-жарак жана экиден толук аскердик комплектилерди берди. Ошондо гана биз Афганистанга кирерибизди түшүндүк. Эртеси Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автоном облусунун борбору Хорог шаарына чейин жетиш керек деген буйрук алдык. Үч күндүн ичинде Хорогго жеттик. Бул марш учурунда 1100 чакырымды басып өттүк.

  • Офицер 860-полка, полковник в отставке, ветеран афганской войны Таалайбек Садыров
    860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун офицери Таалайбек Садыров Афганистанга караштуу Бадахшан аймагында. Бул полктун жоокерлери "Биз сени Памир багындырдык" деген жазууну эстелик кылып жазышкан. 1980-жыл январь айы .
    © Фото / из личного архива Таалайбека Садырова
  • Офицер 860-полка, полковник в отставке, ветеран афганской войны Таалайбек Садыров
    Таалайбек Садыров жергиликтүү тургундар менен жолуккан учур. Түндүк Афганистан .Бадахшан чөлкөмү. Бахарак айылы. 1980-жыл июнь айы.
    © Фото / из личного архива Таалайбека Садырова
1 / 2
© Фото / из личного архива Таалайбека Садырова
860-өзүнчө мотоаткычтар полкунун офицери Таалайбек Садыров Афганистанга караштуу Бадахшан аймагында. Бул полктун жоокерлери "Биз сени Памир багындырдык" деген жазууну эстелик кылып жазышкан. 1980-жыл январь айы .

— Афганистанга согушка кетип жаткаңызды ата-энеңиз, жубайыңыз билдиби?

— Жок. Жетекчилик жакындарыбызга мындай маалымат берүүгө тыюу салды. Алар үйүңөргө совет-афган чек арасынын жанында өтчү аскердик машыгууга кеттик деп айткыла дешти. Анда үйлөнө элек болчумун.

— Марш оңой-олтоң болбосо керек...

— Жортуул учурунда полкубуз он бийик ашууну жана татаал тоолуу кууш жолдорду ашып өттү. Ушул ашуулар менен жолдордон оор аскердик техника менен замбиректерди да өткөздүк. Өзгөчө Чыгыш Памирдеги эң бийик Ак-Байтал ашуусун өтүп жаткан учурда Россиядан чакырылган айрым механик-айдоочулар түтөк болушту. Алардын ордуна офицерлер отуруп, БМПны айдап ашуудан ылдый түшүргөн. Ортодо техника да бузулду. Күндүн суугу 40 градуска чейин жетип турду. Ысык тамак ичкен жокпуз, жалаң күлазык жеп бардык. БМПнын ичинде түнөдүк. Себеби алачык тиккенге уруксат берилген жок. Мургаб районуна жеткенде боордошторубуз бир сааттай коноктошту, ошого аябай ыраазы болдук. Хорог калаасына жеткенде гана алачык тиккенге уруксат берилип, ошол жерден гана полктун талаа ашканасы ысык тамак жасап ичтик. Ушундай татаал марш учурунда бир да жоокерибиз каза болгон жок, ошондой эле аскердик техниканы да жоготпой келдик. Ошол жерден жаңы жыл тостук. 1980-жылы 10-январда советтик Ишкашим айылы аркылуу Түндүк Афганистандын Бадахшан аймагына кирдик.

Офицер 860-полка, полковник в отставке, ветеран афганской войны Таалайбек Садыров
© Фото / из личного архива Таалайбека Садырова
Күжүрмөн топ аскердик операцияга кетип жаткан учуру. Июль,1981-жыл. Түндүк Афганистан.

— Афганистанга киргенде өзгөчө кандай көрүнүш таң калтырды?

— Өлкөгө кирип жатканда алгач чалгынчылар Пакистанга өтчү капчыгайга киришкен. Капчыгайдын ичинен 20 чакырым жүргөндөн кийин аларды жергиликтүү кыргыздар токтотуптур. "Афган куралдуу оппозициясынын согушкерлерин, силерди өзүбүз көзөмөлдөгөн аймакка киргизбейбиз. Мындан ары да расмий Кабул, советтик аскерлер жана моджахеддер менен бейтарап гана мамиледе болобуз" деп афгандык кандаштарыбыз көгөрүп жолотпой коюуптур. Андан кийин боордошторубуздун аракети тууралуу бөлүгүбүздүн контрчалгындоо бөлүмүнүн жетекчиси, жердешибиз, капитан Жумалы Кубатов айтып берген. Полктогу улуту кыргыз офицерлер, прапорщиктер жана жоокерлер афгандык кандаштарыбызга абдан таң калып, экинчи жагынан аябай сыймыктандык.

Жергиликтүү эл абдан жарды жашайт экен. Мындан сырткары, Союздагыдай техника менен электр жарыгынын жоктугу, кечкисин үйлөрүндө чырак жагып өмүр сүргөнүн көрүп жакамды кармадым. Бадахшан чөлкөмүнүн борбору Файзабадда болгону төрт же беш эле автоунаа көрдүк. Ушул шаарда жергиликтүү түшүнүк боюнча бай деп эсептелген кыргыз менен тааныштык. Анын бир нече генератору менен мончосу бар экен. Ал мончо иштетип, генератору менен байлардын үйлөрүнө электр жарыгын сатып оокат кылчу. Кокусунан анын мончосуна барып таанышып калдык. 1930-жылдары коллективизация учурунда бул боордошубуздун атасы Алайдын Дароот-Коргон айылынан ушул аймакка качып келиптир. Биз ага бир нече ирет "кайта Ата Мекенге көчүп кел, Кыргызстанда Афганистанга караганда турмуш абдан жакшы" десек, ишенбей койгон. "Силер калп айтып жатасынар, Кыргызстанда деле бул жактагыдай турмуш, ушул жерде менин жашоом жакшы, үч аялым бар" деген далилин келтирип, мактанчу.

Офицер 860-полка, полковник в отставке, ветеран афганской войны Таалайбек Садыров
© Фото / из личного архива Таалайбека Садырова
Таалайбек Садыров полчандары менен сепилдин ичинде. Түндүк Афганистан. Бадахшан аймагы, Бахарак айылы. 1980-жыл, июнь айы.

— Бадахшанга киргенде кандай кыйынчылыктар болду?

— Совет-афган чек арасынан Бадахшан аймагынын борбору Файзабад шаарына чейинки аралык болгону 157 чакырым. 16 күн бою жолдогу ар түрдүү тоскоолдуктардан өтүп, салгылашып жатып, Файзабадга жеттик. Моджахеддер чөлкөмдүн борборуна өтчү жолду бууп, таштарды үйүп, буктурма уюштуруп, ок чыгарып турду. Мунун кесепетинен ротабыздын командири Александр Шварцман менен бир жоокер каза таап, үч аскер жарадар болду. Кечинде саат жетиде башталган салгылаш түнкү саат үчтө бүттү. Бара-бара согушкерлерге каршы согушканды үйрөндүк. Көп учурда аскердик операцияларды түн ичинде жүргүзчүбүз. Анткени күндүз кимиси дыйкан же моджахед экени такыр билинбейт. Жетекчилик "тынч жаткан калкка залал келтирбегиле" деп буйрук берип, катуу эскерткен. Согуш улутка, жашына, наамга карабастан бизди бир туугандай кылып бириктирди.

Офицер 860-полка, полковник в отставке, ветеран афганской войны Таалайбек Садыров
© Фото / из личного архива Таалайбека Садырова
Таалайбек Садыров партиянын жергиликтүү уюмунун жетекчиси менен түшкөн сүрөт. Түндүк Афганистан. Бадахшан аймагы, Бахарак айылы. 1980-жыл, июнь айы.

— Ошол мезгилде Афганистанда ар түрдүү жугуштуу оорулар көп болгон деп айтышат...

— Ооба, мен да оорудум. Ал жерде таза суу чоң көйгөй. Сууну абдан кайнатып иччүбүз. Ошого карабастан сарык жуктуруп алдым. 40 күн Ташкент шаарындагы аскердик госпиталда дарыландым. Дарыгерлер оорума байланыштуу "Союзда кал, сен үчүн согуш бүттү" дешкен. Бирок мен болбой госпиталдын жетекчисине кирип: "Жолдош полковник, мени кайра Афганистанга жибериңиз. Барбай калсам ооруп качып кетти деп айтышат. Буга чейин кээ бир офицерлер бизди уят кылып, жанын аман алып калыш үчүн СССРге качып кеткен" деген жүйөнү келтирдим. Ал макул болуп, толук айыккандан кийин кайра Афганистанга жиберди. Андан кийин ушул оорудан улам дагы бир ирет Кабулда аскердик госпиталда дарыландым. Мындан сырткары, БМПнын ичинде кетип бара жаткан учурда минага жарылып контузия алгам. Эң кызыгы, аскердик кызматымды өтөп жүрүп үйгө Таласка эмгек өргүүгө келип үйлөнгөм. Сыймыктанганым — взводуман бир да аскер каза болгон жок, эки гана жоокер жарадар болуп контузия алды.

1198
Белгилер:
техника, жоокер, Аскер, Памир, согуш, СССР, Афганистан
Тема боюнча
Тышкы иштер министрлиги кантип түптөлгөн. 75 жылга сыйган бай тарых
Алышып жүрүп араң жеткен азаттыктын баяны. Афганистан эгемендигин белгилөөдө