Кыргызстандыктар эмнеге сасык тумоого көп кабылып жатат? Министрликтин жообу

© Sputnik / Табылды КадырбековСитуация с ОРВИ в Кыргызстане
Ситуация с ОРВИ в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Редакцияга окурмандар "учурда сасык тумоого кабылып, атургай кайталап ооругандар көп болуп жатат. Бул вирустун кайсы түрү? Бул кышта мурдагылардан дагы күчтүү вирус пайда болду деген маалымат чынбы?" деген суроо менен кайрылышкан.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги учурда жарандар көбүнесе курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялардын (КРВИ) кайсы түрлөрүнө кабылып жатканын түшүндүрүп берди.

Белгилей кетсек, редакцияга окурмандар "учурда сасык тумоого кабылып, атургай кайталап ооругандар көп болуп жатат. Бул вирустун кайсы түрү? Бул кышта мурдагылардан дагы күчтүү вирус пайда болду деген маалымат чынбы?" деген суроо менен кайрылышкан.

Буга жооп алуу үчүн Sputnik Кыргызстан Саламаттык сактоо министрлигинин Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин бөлүм башчысы Динара Оторбаевага кайрылды.

Анын айтымында, өлкөдө КРВИ боюнча абал жылдагыдай эле, тынчсызданууга себеп жок.

"Жыл сайын эле ушул маалда курч мүнөздөгү респиратордук вирустук инфекциялар күч алат. Алар суукту сүйгөндүктөн, бул кезде организмден организмге көчүп жашоо мүмкүнчүлүгү жогорулайт", — деди Оторбаева.

Ошондой эле адис эч кандай жаңы вирустар жок экенин кошулчалады.

"Лабораториялык изилдөөлөрүбүздө кадимки аденовирус, грипп, парагрипптин 4 түрү, риновирус жана респиратордук-синцитиалдык инфекция жүргөнү белгилүү болду", — деди ал.

Ал эми жарандардан улам-улам ооруп жатканына жеке гигиенанын жана сактыктын жоктугу себеп болушу мүмкүн экенин айтты.

"Бизде оорусак эле грипп болуп калдым деген түшүнүк бар. Чынында грипп КРВИнин бир гана вирусу. Кайра-кайра ооругандар бир вирустан сакайса, башкаларын жуктуруп алып жаткандар болсо керек. Андыктан ооруй баштаганда жана андан кийин өтө сак болуу керек. Анткени ооруп, алсырап турган организмге башка вирус оңой жабышат", — деди Оторбаева.

Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева. Архив - Sputnik Кыргызстан
Радио
Оторбаева: гигиенаны сактап, туура тамактануу сасык тумоону алдын алат
Адис вирустун түрүн аныктап алып, туура дарылануу максатында дароо дарыгерге кайрылууну сунуштайт.

Ал эми Республикалык жугуштуу оорулар клиникалык ооруканасынын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев ушул тапта КРВИнин айынан ооруканага кайралгандардын саны алда канча азайып бара жатканын билдирди. Маалыматка ылайык, өткөн аптада суткасына 350-400 адам кайрылып жатса, акыркы күндөгү бул көрсөткүч 200дөн бир аз гана ашып жатат.

Баса, грипп тууралуу кеңири билгиңиз келсе Sputnik Кыргызстан буга чейин дайындаган макаланы окуңуз.

Жаңылыктар түрмөгү
0