Гемодиализ процедурасы. Архивдик сүрөт

Өлкөдөгү дагы төрт оорукана акысыз гемодиализ программасына кирди

98
(жаңыланган 18:47 14.01.2020)
2019-жылы 18 жеке клиника 1116 бейтапка гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Фонд алардын чыгымдары үчүн 530 миллион сом төлөгөн.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Акысыз гемодиализ кызматын көрсөткөн мамлекеттик ооруканалар Медициналык милдеттүү камсыздандыруу фонду тарабынан каржылана баштады. Бул тууралуу аталган фонддон кабарлашты.

2020-жылдын 1-январынан тарта Нарын, Талас, Ысык-Көл облустук жана Балыкчы шаардык ооруканалары дагы акысыз гемодиализ программасына кирген.

Бешинчи стадиядагы бөйрөк оорусуна кабылган бейтаптар аталган медициналык жайлардан жеңилдетилген шартта гемодиализ ала алышат. Ал эми чыгымдарды фонд төлөп берет.

2019-жылы 18 жеке клиника 1116 бейтапка гемодиализ кызматын көрсөтүп келген. Фонд тарабынан каржыланган сумма 530 миллион сомду түзгөн. Ноябрда Саламаттык сактоо министрлиги гемодиализге муктаж кошумча 118 бейтаптын тизмесин берген.

2020-жылдын 1-январына карата акысыз гемодиализ алып жаткандардын саны 1234 адамды түздү.

98
Белгилер:
камсыздандыруу, милдеттүү медициналык камсыздандыруу, гемодиализ, Кыргызстан
Тема боюнча
Гемодиализ, мейманкана, жол... Мамлекет жеке өнөктөш менен ишке ашырчу долбоорлор
Абылгазиев: акысыз гемодиализ кызматын көрсөтүү үчүн кошумча каражат бөлүнөт