Бишкекке 18 метрлик автобус жана электробустарды алып келүү пландалууда

© Sputnik / Алексей Мальгавко / Медиабанкка өтүүЭлектробус. Архив
Электробус. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэрия жаз айларында борбор калаага 515 автобус жана 100гө жакын электробус сатып алууга белсенип жатат.

БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Бишкек шаарында жазында электробустар каттап калышы ыктымал. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга Бишкек автотранспорт ишканасынын директору Нурлан Койчубаков билдирди.

Аталган транспорттор 15 жылдык мөөнөт менен лизингге (товар түрүндө алынган насыя) алынып жатат.

“Тендердин алкагында 18 метрлик (15 даана), 12 метрлик (100 даана) 10 метрлик (300 даана) жана сегиз метрлик (100 даана) автобус сатып алуу пландалууда. Ал эми узундугу 10-12 метрлик 50дөн 100гө чейин электробус алуу каралган”, — деди Койчубеков.

Ошондой эле ал январь, февраль айларында тендер жарыялана турганын билдирди. Эгер конкурс ийгиликтүү аяктаса, жаздан тарта борбор калаада электробустар каттап калмакчы.

Белгилей кетсек, соңку эки жылдан бери Бишкектеги абанын булгануусу тынбай көтөрүлчү маселеге айланды. Ыштан улам тоодон караганда шаардын эч бир жери көрүнбөй калган учур болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0