Сот имараты. Архив

Окуучунун энеси мугалимди күч менен класстан алып чыккан окуя. Иш сотко өттү

242
Мугалим окуучунун энеси сабакка кирип келип, сөгүнүп, аны күч менен класстан сүйрөп чыгып, директордун кабинетине алып баргандыгын айткан эле.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Бишкектеги окуучунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чыр боюнча иш Ленин райондук сотуна өттү. Бул туурасында шаардык милициядан кабарлашты.

Сотко чейинки иштер аягына чыкты. Буга чейин №95 мектеп-гимназиянын окуучусунун энеси менен мугалимдин ортосундагы чатагы кабарланган. Педагогдун айтымына караганда, окуучу кабинеттен бир нерсе алып чыгып кетейин дегенде мугалим аны алагды кылып жаткандыгын айтып, сабактын аягына чейин күтүп турууну айткан.

Мугалим андан кийин кыздын энеси келип, чыр чыгарып, аны күч менен класстан сүйрөп чыгып, директордун кабинетине алып баргандыгын айткан эле.

Шаардык милициядан 17-декабрда мугалим милицияга А. Ш. аттуу жаранга чара көрүү боюнча арыз жазгандыгын айтышты.

"Ал жаран сабак учурунда класска кирип келип, окуучулардын көзүнчө оозго алгыс сөздөр менен сөгүнгөн. Андан соң мугалимди карыдан алып, күч менен алып чыгып директордун кабинетине алып барган", — деп билдирди милиция.

Окуучунун энеси соттук иште шектүү катары өтүп жатат, ага Жоруктар кодексинин 65-беренесинин негизинде ("Уруп-сабоо") иш козголгон.

242
Белгилер:
сот, мугалим, окуучу, мектеп
Тема боюнча
Мугалим окуучуну мээрим төгүп кучактап, колундагы куралын таштатты. Видео