Парламентте "Бак-дарак отургузуунун улуттук күнүн" белгилөө сунушталды

Жазылуу
Депутаттын айтымында, бүгүнкү күндө үй-бүлөлүк зомбулук жасагандарга берилчү жазаны дагы күчөтүү керек.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Парламентте ар жылдын март айынын үчүнчү ишембисин "Бак-дарак отургузуунун жалпы улуттук күнү" деп жарыялоо сунушталды.

Токтом долбоорунун демилгечиси депутат Айнуру Алтыбаева баяндама жасады.

"Жашыл бак-дарактар абаны тазалап, ыңгайлуу микроклиматты түзөт жана калктуу конуштардын көрүнүшүн жакшыртат. Автоунаалардын санынын өсүшү менен абаны булгоочу заттардын концентрациясы көбөйүүдө. Мындан тышкары, калктуу конуштардагы өсүмдүктөргө кедергисин тийгизип, токойлордун жок болушуна алып келүүдө", — деди Алтыбаева.

Мындан сырткары, депутат учурда "Бир атуулдан бир көчөт" демилгеси көтөрүлүп жатканын айтып, өз ыктыяры менен көчөт отургузууга ынтызар жарандар бар экенин белгиледи.

"Бак-дарак отургузуунун жалпы улуттук күнүндө" 500 миң көчөт тигүүнү сунуштап жатабыз. Бул күнү бардык кыргызстандыктар бак-дарактарды өзүнүн үйүнүн короосуна, көчөлөргө отургуза берсе болот. Анын жол-жобосу жергиликтүү бийлик тарабынан аныкталат. Мисалы, жакында эле Алай райондук коому Бишкектеги "Ынтымак" паркына 100 түп карагай тикти", — деди депутат.

Мындай токтом долбоорун депутаттардын көбү колдоого алды.

Эркиндик бульварындагы эмен бактары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте алгачкы жолу эмендерди зыянкечтерден коргоо үчүн ийне сайылууда
Деген менен көчөт сатып алуу жана уюштуруу иштерине керектелчү каражат каяктан алынары кызыктырды. Азырынча буга бюджеттен акча бөлүү каралбаганын билдирип, алгач ушул маселени чечүү керектигин белгилешти.

Ал эми депутаттар Исхак Масалиев менен Акылбек Жапаров бул чарбалык иш экенин жана "улуттук" деген макам берүүнүн кереги жоктугун билдиришти. Мындан улам бул долбоор менен депутаттар эмес, өкмөт алектениши керектигин айтып өтүштү.

Натыйжада сунуштарды эске алуу менен кайра тармактык комитетке жөнөтүлүп, кийинки жумада добушка коюлмай болду.

Белгилей кетсек, "Бак-дарак отургузуу күнү" дүйнө жүзүнүн бир катар өлкөлөрүндө белгиленет. Мисалы, Россияда, Казакстанда жана Кытайда жыл сайын өзүнчө майрам.

Жаңылыктар түрмөгү
0