Алматыдагы олимпиададан кыргызстандык окуучулар 7 медаль менен кайтты

© Фото / Международное образовательное учреждение "Сапат"Успех кыргызстанских школьников на XVI Международной Жаутыковской Олимпиаде в Алматы
Успех кыргызстанских школьников на XVI Международной Жаутыковской Олимпиаде в Алматы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коңшу Казакстандагы эл аралык олимпиадага кеткен Кыргызстандын командасы 28 окуучудан турган. Жеңишке жеткендер негизинен 9, 10 жана 11-класстын окуучулары болду.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Казакстандын Алматы шаарында математика, информатика жана физика сабактары боюнча эл аралык олимпиадада кыргызстандык окуучулар 7 коло медалга ээ болду. Бул тууралуу "Сапат" билим берүү мекемесинен кабарлашты.

2020-жылдын 8-14-январь күндөрү Казакстандын Алматы шаарында жогорудагы үч сабак боюнча Жаутыков атындагы XVI эл аралык олимпиада өткөн. Ага 20 өлкөдөн 500дөн ашык окуучу катышса, Кыргызстандан 28 окуучу барган.

Математика боюнча Оштогу "Сема" лицейинин 10-11-классынын окуучулары Адилбек Абдирасулов, Эрдан Апиев жана Бишкек шаарындагы Ч.Айтматов атындагы лицейинин окуучусу Белек Мырзабеков коло медалга татыган.

Школьное образование в Японии - Sputnik Кыргызстан
Мектеп окуучуларынын олимпиадасы 18-январдан башталат. Расписание
Информатика боюнча эл аралык United World International School мектебинин бүтүрүүчү классынын окуучусу Өмүрбек Жамалов, Ч.Айтматов атындагы лицейинин 11-классынын окуучусу Шабдан Батыркулов жана Нарындагы Субакожоев атындагы лицейинин 9-классынын окуучусу Данияр Бейшекеев коло медаль утуп алган.

Физика предметинен М.Субакожоев атындагы лицейдин 11-классынын окуучусу Султан Султанидинов да коло медаль алган.

Аталган билим жарышы 2005-жылдын январь айынан тартып 15 мамлекеттин арасында өтүп келет. Негизги максат — физика, математика жана информатика илимдерин жайылтуу, дүйнө жүзүндөгү мектептер арасында профессионалдык кызматташтыкты бекемдөө. Аны менен катар эле жаштардын талантын ачуу, маалыматтык технологияны өнүктүрүү жана маалыматтык маданиятты жогорулатуу.

Жаңылыктар түрмөгү
0