Программист Тилек Мамутов. Архивдик сүрөт

Forbes 11 жыл Google компаниясында иштеген кыргызстандыктан интервью алды

317
(жаңыланган 19:56 15.01.2020)
Кыргызстандык программист 2018-жылы Google компаниясынан кеткен. Кийин иниси Медер менен көптөн бери кыялданып жүргөн Outtalent стартапын ишке киргизген.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Forbes журналынын россиялык версиясы Google компаниясында 11 жыл иштеген кыргызстандык Тилек Мамутовдон интервью алды.

Тилек Мамутов 1985-жылы Бишкекте архитектор жана инженер-куруучунун үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 16 жашында Борбор Азиядагы Америка университетине программист адистигине тапшырган.

2006-жылы Тилектин англис тилинде жазылган резюмесин Manpower (Google компаниясынын Ирландиядагы кеңсесине кызматкер издеген ортомчу) HR-агенттигинин рекрутери байкап калган.

Мамутов биринчи тандоо турунан өтпөй калса, экинчи жолкусунда ийгилик жылмайып, Google компаниясынын Дублиндеги кеңсесине ишке алынган.

"Бишкекте төрөлгөн Тилек Мамутов Google компаниясынын Дублиндеги кеңсесинен сунуш түшкөнгө чейин карьерасын мекенинде түптөп жаткан. Кийин аталган компанияда 11 жыл эмгектенген. Ал жактан кеткенден кийин стартап негиздеп, учурда КМШдагы таланттуу адистерге карьера жасоого жардам берүүдө", — деп айтылат материалда.

Кыргызстандыктын айтымында, 2011-жылы аны вице-президент Мэган Смит байкап калып, Google компаниясынын Борбор Азиядагы бизнести өнүктүрүү боюнча тармагын жетектөөнү сунуштаган. Бул кызматта турган кезде ал компаниянын башкы директору Эрик Шмидт менен Google Ideas борборунун директору Джаред Коэндин Кыргызстанга сапарын уюштуруп берген. Мамутов баштаган топ-менеджерлер өлкө президенти жана ишкерлери менен жолугушкан.

Ал компаниянын ичинде жүрүп түрдүү долбоорлорду, кызмат орундарын алмаштырган. Акырында Мамутов Google компаниясынын "сырдуу лабораториясына" которулган. Анда асмандан Wi-Fi сигналын тараткан, көлөмү эки кабаттуу үйдөй болгон шарлар боюнча долбоордун үстүндө иштеген. Мамутовдун жаңы кызматындагы бир жылдык айлыгы 200 миң долларга чейин өскөн.

Кыргызстандык программист ири келишимдин аякташын күтүп жүрүп, 2008-жылы иштен кеткен. Кийин иниси Медер менен көптөн бери кыялданып жүргөн Outtalent стартапын ишке киргизген.

Учурда анын стартапы өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдөгү жана КМШдагы таланттуу программисттерге чет өлкөдөгү беделдүү компанияларга ишке орношууга жардам көрсөтүп келет.

Outtalent 2019-жылдын май айында ишке кирген. Ишти баштоого бир тууган Мамутовдор өз каражатынан 10 миң доллар жумшаган.

Компания ачылгандан бери ондогон адамды Google, Facebook, Amazon, Microsoft, Bloomberg жана Stripe сыяктуу ишканаларга орноштурган.

317
Белгилер:
Кыргызстан, программист, Тилек Мамутов, Google
Тема боюнча
Forbes кыргыз жигиттин стартапын технология жаатындагы башкы тренд деп баалады
Медицинские работники в палате реанимации и и пациент в палате интенсивной терапии во временном госпитале COVID-19 на ВДНХ в Москве.

Инфекционист: COVID-19дун жаңы штаммдары мурункудан жеңил болбойт

2
Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

БИШКЕК, 28-окт. — Sputnik. Коронавирустун "дельта" штаммынын AY.4.2 деп аталган жаңы варианты өтө жугуштуу жана оор формада өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости агенттигинин инфекционист Андрей Поздняков билдирди.

"Бул "дельта" штаммынын бир түрү болуп жаткандан кийин аны жеңил өтөт жана көп жукпайт деп ойлобошубуз керек. Байкоолорубузга караганда, бул вариантка кабылган бир киши 9 адамга вирус жугузушу мүмкүн. Ал эми "дельта" штаммы өзү бир оорулуудан сегиз адамга жугат. Эң алгачкы Ухань штаммы орто эсеп менен үч кишиге жукчу", — деди Поздняков.

Дарыгердин айтымында, мутациядан кийин пайда болгон штаммдарды мурдагыларга салыштырмалуу коопсуз деп айтууга болбойт. Анткени вирустун жаңы түрлөрү өз жашоосун болушунча узартуу үчүн күчтүү, жугуштуу болууга аракет кылышат.

Эске салсак, Улуу Британиядагы Сенгер жана Кембридж окуу жайларынын окумуштуулары "дельта" штаммынын 10-15 пайызга көбүрөөк жуккан AY.4.2 варианты чыкканын айтышкан. Россияда вирустун бул варианты азырынча үч кишиден табылды. Ошол эле учурда адис Россияда коронавируска каршы колдонулуп жаткан вакциналардын күчү AY.4.2 вариантына дагы жетерин билдирүүдө.

Буга чейин Роспотребнадзор мекемесинин адистери изилдөө иштери аягына чыга электигине байланыштуу "дельта" штаммынын жаңы варианты өтө кооптуу деп айтууга эрте экенин билдиришкен.

2
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Жылдыз Убарик кызы

Убарик кызы: инсультту алдын алуу үчүн акысыз текшерүүдөн өткөрөбүз

12
Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неврология жана клиникалык генетика кафедрасынын ассистенти Жылдыз Убарик кызы Бишкекте инсультка каршы күрөшүү боюнча акция өтөрүн айтты.

Дүйнө жүзүндө бир жылда 15-17 миллион киши инсультка чалдыгат. Алардын үчтөн бири оорудан каза болуп калат. Бул тууралуу Жылдыз Убарик кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Убарик кызы: инсультту алдын алуу үчүн акысыз текшерүүдөн өткөрөбүз

Анын айтымында, инсультту башынан өткөргөн бейтаптардын 70-80 пайызы майып болуп калат.

"2021-жылдын 28-октябрында 11:00дөн 14:00гө чейин Иса Ахунбаев атындагы КММАнын башкы корпусунда "Инсультка каршы күрөшүү күнү" белгиленет. Бул күнү эл инсульттун алдын алуу боюнча невропатологдордон кеңеш алып жана ооруну аныктоо үчүн сурамжылоодон өтүшөт. Борбордун алдыңкы неврологдору профилактикалык текшерүүнү бекер жүргүзүшөт. Шаардыктардын кан басымын өлчөп, кандагы глюкозанын деңгээлин текшеришет жана дене салмагынын индексин аныкташат. Ошондой эле инсульттун өнүгүшүнүн себептери жөнүндө айтып беришет. Андан тышкары, дарыгерлерден кошумча суроолорго жооп алып жана невропатологдордун жеке консультациясынан өтсө болот. Кээ бир адамдар өзүнүн организминдеги өзгөрүүлөрдү билбей калышы мүмкүн. Аталган акция ооруну өз учурунда аныктоого шарт түзөт", — деди Убарик кызы.

Адис инсульттун кесепети өтө оор болорун эскертип, алдын алуу өтө маанилүү экенин кошумчалады.

Эске сала кетсек, 2006-жылдан бери ар бир жылдын 29-октябрында дүйнөдө "Инсультту алдын алуу жана ага каршы күрөшүү күнү" белгиленип келет.

12
Белгилер:
инсульт, акция, алдын алуу, неврология, Жылдыз Убарик кызы
Тема боюнча
Кардиологго токтоосуз кайрылуу керектигинен кабар берген белгилер