Салык кызматы киреше жана чыгашалар декларациясын кабыл ала баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековСдача Единой налоговой декларации в КР
Сдача Единой налоговой декларации в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кезектеги декларациялык кампания адаттагыдай эле эки этапта өтмөкчү. Алгачкысы 1-мартка чейин, экинчиси 1-апрелде аягына чыгуусу зарыл.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча бирдиктүү салык декларациясын кабыл алуусун баштады. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Кезектеги декларациялык кампания адаттагыдай эле эки этапта өтмөкчү. 1-мартка чейин юридикалык жактар, 1-апрелге чейин жеке тараптар өткөн жылы алынган кирешелер, жер тилкелери жана мүлкү тууралуу салык органдарына отчет берүүсү керек.

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Декларациядан буйтаган 14 миңден ашуун кызматкер. Материал прокуратурага жөнөтүлдү
Тагыраагы, 1-мартка чейин бирдиктүү салык декларациясын атамекендик ишканалар, дыйкан жана фермердик чарбалар, туруктуу мекемесин түзүү менен Кыргызстандын аймагында ишмердигин жүргүзгөн чет өлкөлүк уюмдар тапшырууга милдеттүү.

1-апрелге чейин мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер, жеке ишкерлер, анын ичинде патенттик негизде салык төлөгөндөр, менчигинде кыймылдуу (транспорт) жана кыймылсыз (батир жана үй) мүлкү жана жер участогу (короо-жай участкаларынан башка) бар жеке жактар, ошондой эле юридикалык жакты түзбөй туруп ишмердиктерин ишке ашырышкан дыйкан жана фермердик чарбалар отчет бериши зарыл.

Эске салсак, өткөн жылдын аягында Башкы прокуратура киреше жана чыгаша тууралуу декларацияларды жергиликтүү кеңештин төрт миңдей депутаты тапшырбай койгонун айтып чыккан.

Ал эми жалпы жонунан 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча маалыматтар базасына 59 018 декларация келип түшсө, Салык кызматы анын 56 миңдейин талдоого алган. Алардын ичинен саясий жана жогорку кызмат орундарын ээлеген адамдардын 1349 декларациясы текшерилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0