Алмазбек Атамбаев жубайы жана эки уулу менен жолукту

© Sputnik / Табылды КадырбековСудебные процессы по делу бывшего президента Алмазбека Атамбаева
Судебные процессы по делу бывшего президента Алмазбека Атамбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы президент улуу баласы Сеидбек Атамбаев, жубайы Раиса Атамбаева жана кичүү уулу Кадыр менен жолуккан.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Мурунку президент Алмазбек Атамбаев жубайы Раиса Атамбаева, улуу баласы Сеидбек жана кичүү уулу Кадыр менен жолугушкандыгын Sputnik Кыргызстан агенттигине адвокаты Сергей Слесарев тастыктады.

Анын айтымында, жолугушуу шейшембиде өткөн.

"Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугу жакшы. Эч нерсеге даттанган жок. 7-8-августтагы Кой-Таш окуялары боюнча материалдарды изилдеп, кээ бирлеринин жыйынтыгы менен тааныштым. Ал эми психиатриялык экспертизанын жыйынтыгын көргөн жокмун, ошондуктан бул тууралуу эч нерсе айтып бере албайм", — деди Слесарев.

Белгилей кетсек, Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таш окуяларынан соң камакка алынган. Учурда Атамбаев сегиз эпизод менен шектелип, УКМКнын тергөө абагында.

Кой-Таш окуясы боюнча 12 киши шектелүүдө. Кылмыш иши 50 томду түзгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0