Сокур болуп калган илбирсти дарылоого каражат топтоо үчүн эсеп ачылды

Жазылуу
Эки жашка да чыга элек илбирс Бишкекке алып келинип, операция жасалган. Бир жарым саатка созулган операция учурунда жаныбардын башына 70тей чачма ок тийгени аныкталган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Таластан табылган бала илбирсти дарылоого каражат топтоо үчүн эсеп ачылды. Бул тууралуу Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, жалпыга маалымдоо каражаттарына жаракат алган илбирс тууралуу кабар тарагандан кийин анын экинчи операциясына жардам көрсөткүсү келген адамдар кайрыла баштаган.

"Көпчүлүктүн суранычы менен илбирстин дарылануусуна акча топтоо үчүн эсеп ачылды. Ага каалоочулардын бардыгы каражат которо алат. Агенттик болсо илбирстин абалы тууралуу, юридикалык жана жеке жактардан түшкөн каражат боюнча маалымат берип турат", — дешти агенттиктен.

Эсеп ачуу маселеси боюнча агенттиктин директору Мирслав Аманкулов "РСК банкынын" өкүлү Айчүрөк Жакыпова менен жолуккан. Илбирсти дарылоого Жакыпова 50 миң сомдук сертификат тапшырган.

Эки көзү тең көрбөй калды. Таласта атылган бала илбирстин азыркы абалы видеодо - Sputnik Кыргызстан
Эки көзү тең көрбөй калды. Таласта атылган бала илбирстин азыркы абалы видеодо
Учурда Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттиги укук коргоочулар менен биргеликте илбирсти аткан мыйзам бузуучуну издеп жатат.

Бакка чыгып алган жарадар жырткычты 9-январь күнү Таластын тургундары кармап, ветеринарларга өткөрүп беришкен. Эки жашка да чыга элек илбирс Бишкекке алып келинип, операция жасалган. Бир жарым саатка созулган операция учурунда жаныбардын башына 70тей чачма ок тийгени аныкталган. Анын 18ин гана алып чыгышкан, чачма октун баарын чыгарууга такыр мүмкүн болгон эмес.

Ветеринарлар октун калганы зыянсыз болуп этке бүтүп калат же организм акырындап сүрүп чыгарат деген ишенимде. Ошол эле маалда коргошун зыянын тийгизиши мүмкүн деген да божомол бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0