Өлкөдө синтетикалык тор жана электр тогу менен балык кармоого тыюу салынды

© Sputnik / Александр Полегенько / Медиабанкка өтүүБалык уулоо. Архив
Балык уулоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин браконьерлик боюнча 302 административдик иш ачылып, аларга карата 396 миң сомдук айып салынган.

БИШКЕК, 15-янв. — Sputnik. Кыргызстанда балык уулоочу синтетикалык торлорду, электр тогу менен кармоочу тутумдарды алып келүүгө, өндүрүүгө, даярдоого, сатууга жана пайдаланууга тыюу салынды. Аталган мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда кабыл алынды.

Долбоорго 108 депутат "макул" деген добуш берип, каршы чыккандар болгон жок.

Загрязнения экологии близ озера Иссык-Куль - Sputnik Кыргызстан
Экологияны курутуп жаткан көйгөйлөр. Ысык-Көлдөгү кооптуулук
Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын төрагасынын орун басары Расулбек Артыкбаев депутаттын суроолоруна жооп берип жатып браконьерлик боюнча 302 административдик иш ачылганын билдирди.

Аларга 396 миң сомдук айып салынып, 333 миң сом өндүрүлгөн. Ал эми келтирилген зыян боюнча 302 иш каралып, 9 миллион 277 миң сомдук доо коюлган. Анын ичинен 1 миллион 752 миң сом өндүрүлгөн.

Кармалган торлордун саны 4240ка жетип, узундугу 424 миң метрди түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0