Бишкектеги автобустар. Архив

Бишкекте автобустардын кээ бир айдоочулары нааразычылыгын билдирүүдө

279
(жаңыланган 15:43 16.01.2020)
Мэриядан билдиргендей, муниципалитеттин кээ бир айдоочулары "нак акчадан кол жуугусу келбей", нааразы болуп жатышат.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Бишкектин мэриясы троллейбустагы төлөм терминалына чапталган сүрөт тууралуу түшүндүрмө берди.

Сүрөт "Сейчас KG" Телеграмм каналына жарыяланган. 

"Бишкекте автобустардын жана троллейбустардын кээ бир айдоочулары электрондук билетке каршы чыгышууда. "Шабашка" алууга тоскоол болгон көйгөйдү алар төлөм терминалдарына сүрөттөрдү чаптоо менен чечип жатышат", — деп айтылат постто.

"Кээ бир айдоочуларга нак акчадан кол жууп калуу кыйынга турууда. Кээ бир айдоочулар тарабынан нааразычылык болуп жатат. "Тулпардын" адистери айдоочуларга тренингдерди өтүп, валидаторлорду текшерүү үчүн рейддерди жүргүзүшкөн. Мунун ишке киргендигине аз эле болду, өзүнө тестирлөөнү, окутууну, каталардын үстүндө иштөөнү камтыган долбоор сынамык этабында экендигин унутпайлы", — деп айтылат билдирүүдө.

Бүгүн шаардын бардык автобус жана троллейбустарына электрондук түрдөгү жүргүнчү билеттердин эсебин алуучу стационардык валидаторлор коюлат.

279
Белгилер:
электрондук билет, автобус, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Кытайда жер оюлуп, эл ташыган автобус түшүп кетти. Жүрөк зыркыраткан видео
Бишкекке 18 метрлик автобус жана электробустарды алып келүү пландалууда
Беткап кийип мектепке бараткан окуучулар. Архивдик сүрөт

Өтө катаал айлар келе жатат. ДССУ башчысы мектептерди жабууга чакырды

18
(жаңыланган 14:00 24.10.2020)
ДССУ жетекчисинин айтымында, дүйнө COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турат. Өзгөчө түндүк жарым шары абдан кооптуу абалда.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДССУ) башчысы Тедрос Адханом Гебрейесус жакынкы айларда пандемия өтө күчтүү болорун айтып, өлкөлөргө мектептерди жабууну сунуштады. Бул тууралуу жетекчинин Женевадагы брифинги учурунда сөз болду.

“Азыр биз COVID-19 пандемиясынын өтө курч жеринде турабыз. Өзгөчө түндүк жарым шары, айрым мамлекеттер абдан кооптуу абалда. Айрым өлкөлөрдүн саламаттык сактоо системасында ресурстар түгөнүшү ыктымал. Андыктан дүйнө лидерлери өлүмдүн санын азайтууга аракет кылышы керек. Мектептерди дагы жаап туруу зарыл”, — деди Гебрейесус.

Октябрда коронавируска кабылган балдардын саны үч эсеге өстү

Мындан улам уюм жетекчиси элге так маалымат берип, муктаж болгондорго жана бизнеске болушунча жардам көрсөтүү керектигин кошумчалады.

18
Белгилер:
ден соолук, мектеп, пандемия, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Бишкек: мектептерде күндүзгү стационарлар кайрадан ачылууда. Дареги
Өкмөттө мектептердеги окуу жана эпидемиологиялык абал талкууланды
Шайлоого даярдоо иштери. Архивдик сүрөт

БШК президенттик шайлоонун мөөнөтүн белгиледи

64
(жаңыланган 13:27 24.10.2020)
Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө президенттик дагы, парламенттик дагы шайлоо 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөрүн айткан.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Борбордук шайлоо комитети мөөнөтүнөн мурда өткөрүлчү президенттик шайлоону 2021-жылдын 10-январына белгиледи. Бул тууралуу БШКнын жыйыны учурунда белгилүү болду.

"Кэчээ президенттик аппараттын жетекчилиги менен сүйлөштүк. Конституциялык мыйзамга ылайык, президенттик шайлоону эч бир орган аныктабайт. БКШ болгону анын мөөнөтүн белгилеп берет", — деди БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова.

БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат

Буга чейин президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров өлкөдө президенттик дагы, парламенттик дагы шайлоо 2021-жылдын март айына чейин өткөрүлөрүн айткан

 

64
Белгилер:
президенттик шайлоо, Нуржан Шайлдабекова, БШК
Тема:
Шайлоо-2020
Тема боюнча
БШК имараты тинтүүгө алынып, документтер чогултулуп жатат
БШК бул жолку шайлоого канча каражат кетерин кабарлады
Милиция БШК мүчөлөрүн эмнеге суракка чакырды? ИИМдин жообу