Абылгазиев 2030-жылга чейинки Курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын бекитти

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивное фото
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул документтин экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү колдоо өңдүү бир нече максаттары бар.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргызстандын 2019-2030-жылдарга карата Курулуш тармагын өнүктүрүү стратегиясын бекитти.

Аталган документти өкмөттүн жыйынына Мамлекеттик курулуш агенттигинин башчысы Бактыбек Абдиев алып чыкты. Анда аталган стратегия инвестиция тартууга, курулуштагы ири жана чакан бизнестин үлүшүн жана тармактагы өндүрүштүн көлөмүн көбөйтүүгө жол ачат.

Максаттары:

  • ар кандай объектилерди куруу;
  • шаар куруу ишин өркүндөтүү;
  • имараттардын жана структуралардын энегоэффективдүүлүгүн камсыздоо;
  • экологиялык коопсуздук жана айлана-чөйрөнү коргоо;
  • курулуш тармагында кадрдык потенциалды өстүрүү.

Последствия землетрясения населенных пунктах Чон-Алайского района Ошской области - Sputnik Кыргызстан
2020-жылы Кыргызстанда эмнелер курулат? Өкмөттүн убадалары
Аталган максаттарды ишке ашырууда мамлекеттик жана коомдук керектөөлөр үчүн жер тилкелерин кайтарып алуу жана кыймылсыз мүлк объектилерин түрттүрүү механизмдерин иштеп чыгуу менен катар шаар куруу мыйзамдарын оптималдаштыруу зарыл.

Абылгазиев белгилегендей, стратегия — программалар иштелип чыгууга негиз боло турчу документ.

Жаңылыктар түрмөгү
0