Министрлик Самат Курманкуловдун абалы тууралуу маалымат таратты

© Фото / пресс-служба ГУВД Чуйской областиЧүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов. Архив
Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй ОИИББдин жетекчиси өткөн жылдын 12-августунда Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Чүй облустук милициясынын жетекчиси Самат Курманкулов өз алдынча тамактанып жатат. Ошондой эле колу-буту кыймылга келди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, Курманкулов болжол менен 2020-жылдын март айынын аягына чейин дарыланат.

"Өкмөттүн резервдик фондунан Курманкуловдун дарылануусу үчүн 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүнгөн. Кийин өкмөттүн буйругу менен Саламаттык сактоо министрлиги аркылуу кошумча 4 миллион 798 миң 520 сом каралган", — деп айтылат маалыматта.

Чүй ОИИББдин жетекчиси өткөн жылдын 12-августунда Москвадагы Бурденко атындагы нейрохирургия борборуна которулган.

Штурм дома Алмазбека Атамбаева в селе Кой-Таш  - Sputnik Кыргызстан
ИИМ Кой-Таш окуясы боюнча иликтөөсүн аяктады
Эскерте кетсек, Курманкулов мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо учурундагы операцияда башына таш тийип жабыркаган. Комага түшүп калган милиционер-жетекчиге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунда эки ирет операция жасалып, Москвадан да адистер чакырылган. Кийин аталган шаарга которулуп, дарылануусун уланткан. Бир аз убакыттан кийин Курманкулов өзүнө келип, абалы жакшыра баштаганы белгилүү болгон.

Кийин ИИМ жетекчиси Москвага барып, Самат Курманкуловго ыйгарылган "Эрдик" медалын тапшырып кайткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0