Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов. Архивдик сүрөт

Көмүрдөн баш тартуу керек. Суракматов шаарды каптаган ыш тууралуу үн катты

567
(жаңыланган 14:11 17.01.2020)
Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов алгачкы жолу калаадагы ыш боюнча пикирин айтып, көйгөйдү жоюу боюнча көз карашын билдирди.

Бишкекти биринчи жолу ыш каптап жаткан жок. Адатта бул мезгилде абадагы зыяндуу заттардын концентрациясы нормадан жогорулап кетет. Кыргызстандагы шаарлардын ичинен Бишкектин экологиясы олуттуу маселе бойдон калууда

Азиз Суракматов Sputnik Кыргызстан агенттигине кырдаал боюнча кыскача комментарий берди.

— Ыштын себеби эмнеде? Адистер абаны булгаган түрдүү булактарды айтып жатышат.

— Бишкекти каптаган кара түтүндүн 70-75 пайызы жагылган көмүрдөн чыгып жатат. Ыш ТЭЦ-1 менен жеке секторлор от жакканда бөлүнүп чыгат. Күн сууктап от жагуу сезону башталганда эле Бишкекти кара түтүн каптап калат. Кээ бир жарандар көмүр гана эмес, күйө турган башка нерселерди дагы жагып жатышат. Бирок бул элге от жагууга тыюу салыш керек дегенди билдирбейт. Өнүгүүгө багыт алып, жылуулук булагын өзгөртүү зарыл.

Мисалы, Европа көмүрдөн баш тартып койду. Кээ бир жерлерде атайылап шахталарды суу каптатып салышты. Объектилер жылытуу системасын газ менен электр энергиясына алмаштырды. Биз дагы ушул багытка умтулабыз.

— Көмүр сатып акча тапкандар мындай өзгөрүүгө жол берет деп ойлойсузбу?

— Көмүр ташыгандарга суроо жок. Бул алардын бизнеси. Бирок мамлекет экология менен жаратылышка дагы кам көрүшү керек да. Биз киреше, экология жана ден соолук деген үч нерсенин ичинен кайсынысы маанилүү экенин тандап алышыбыз керек.

— Көпчүлүк кара түтүндү унаалар бөлүп чыгарып жатканын айтып, нааразы болуп келишет.

— Автоунаалар Бишкектеги кара түтүндүн 20-25 пайызын түзөт. Унаалардын саны кышы-жайы бирдей эле, керек болсо кышында жолдун тайгагынан улам айдоочулардын саны азаят. Бирок ошентсе дагы автоунаадан чыккан зыяндуу затты төмөндөтүү үчүн айрыкча эски унааларга фильтр менен катализаторлорду орнотуу керек.

— Экология канчалык таза болсо, элдин ден соолугу ошончолук жакшы болот. Буга кандай кепилдик бар?

— Бүгүн Бишкектин экологиясы бузулуп, өпкө, жүрөк, ичеги-карын жана онкологиялык оорулардын көбөйүүсүнө алып келип жаткандыгын эксперттердин баасы жана статистика айгинелеп жатат.

Кара түтүн ар бир кышта каптайт, анткени табияттын мыйзамы ушундай. Жер үстүндөгү аба жогору жагына караганда суугураак келип, ошол себептен атмосфера тазарбайт. Экологдор муну температуралык инверсия деп аташат.

Мындай көйгөйгө көптөгөн шаарлар тушуккан. Мисалы, буга Лондон өткөн кылымдын орто ченинде кабылган. Тажрыйбаларды карап чыгып, нытайжылуу чечим табуу керек.

Шаардыктардан үйдү жылытуунун башка түрлөрүнө өтүүгө, унааларын экологияга зыянын келтирбеген түрүнө алмаштырууга аракеттенип бизге жардам беришин сурайбыз. Ооба, бул кымбат. Бирок азыркы абалыбыздын куну да кымбат болуп жатпайбы.

— Экологиялык абалды жакшыртууга кандай чаралар көрүлүүдө?

— Президентибиз Бишкектин экологиясын жакшыртуу милдетин коюуда. Биз программа жана сунуш даярдап жатабыз. Кээ бирлер бизди жөн эле отурат деп сындашууда. Бирок биз дагы таза аба менен дем алууга кызыкдарбыз. Бул шаарда биздин урпактарыбыз жашайт. Аларга бул көйгөйдү мураска калтыргыбыз келбейт.

Менимче, Бишкектеги жаратылыш газы менен иштей турган ТЭЦ-2ни модернизациялоо жана реконструкциялоо иштерин тездетип, электр энергиясын өндүрүү зарыл. Ал ишке берилсе, ТЭЦ-1дин керектөөсүнө кеткен көмүр 1 миллион тоннадан 400-500 миң тоннага чейин кыскарышы мүмкүн. Бул уулуу заттардын абага тароосун кыскартат.

Шаардын эски райондорун жана жаңы конуштарды газ же электр энергиясы менен жылытууга алып келишибиз керек. Жаңы трансформаторлордун подстанциясын орнотуп, иштеп жаткан электр түйүндөрүнүн кубаттуулугун арттыруу абзел. Ошону менен бирге экология үчүн эң жакшы вариант — электромобилге өтүү.

Жогорудагы келтирилгендерди туура түшүнүп, эртели-кеч ушул багытта өкмөт менен биргеликте иштерди жасайбыз деген үмүттөмүн.

567
Белгилер:
электроэнергия, жылытуу маалы, Бишкек, экология, Азиз Суракматов, мэр, көмүр
Тема боюнча
Бул биздин шаар! Ыш баскан Бишкектин сүрөтү
Бишкекте "Унаасыз күн" акциясын өткөрүү сунушталды
Алп жазуучу Чыңгыз Айтматов. Архивдик сүрөт

Будапешт шаарындагы скверге Айтматовдун ысымы ыйгарылат

13
(жаңыланган 17:29 26.09.2020)
Келерки аптада президент Жээнбеков расмий иш сапар менен Венгрия өлкөсүнө барат. Иш сапарда бир катар маанилүү келишимдерге кол коюлары айтылууда.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Венгриянын баш калаасы Будапешт шаарынын скверине улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун ысымы берилип, салтанатка президент Сооронбай Жээнбеков катышат. Бул тууралуу мамлекет башчы "Биринчи радиого" берген кезектеги маегинде айтты.

Президент Венгрия өлкөсүнө жасалуучу иш сапар, эки мамлекеттин ортосундагы алака тууралуу суроого жооп берип жатып бир нече учурду белгилеген.

"Мен расмий сапарымдын алкагында Түрк кеңешинин Будапешттеги өкүлчүлүгүнө барам. Будапешт шаарынын скверине биздин улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун ысымын ыйгаруу иш-чарасы болот. Иш сапарым соода-экономикалык гана эмес, маданий тармакты да камтыйт", — деген Жээнбеков.

Сооронбай Жээнбеков эмки жумада Россия менен Венгрияга барат

Жээнбеков иш сапар кыргыз-венгер кызматташтыгын жакшы деңгээлге көтөрүп, өлкөлөр байланышын күчөтөрүн белгилейт. Анда биргелешкен өнүгүү фондусун түзүү боюнча сөз болот.

"Кыргыз-венгер өнүгүү фондусун түзүү боюнча ниетибиз бар. Ал фондго жүгүртүүчү капитал катары Венгрия "Эксимбанкы" буюрса, 50 миллион евро бөлгөнү турат. Бул фонддун катышуусу менен биргелешкен ишканаларды түзөбүз, аталган фонд кичи жана орто бизнеске төмөн пайыздык насыялар менен жардам көрсөтө баштайт.

Бул дагы абдан жакшы жетишкендик болот. Бул эми Кыргыз-Орус өнүгүү фондундай эле, келечекте ошондой фондго айлантканга аракет кылып жатабыз", — деди Жээнбеков.

Эки өлкөнүн бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу менен бизнес-форум өткөрүү пландаштырылууда. Кыргызстандык ишкерлер Венгриянын рыногуна чыгуу мүмкүнчүлүгү талкууланат.

Президент Жээнбековдун Венгрияга иш сапар жазында пландалып, коронавирус пандемиясынан улам жылган.

13
Белгилер:
инвестициялар, экономика, алака, фонд, сквер, Чыңгыз Айтматов, иш сапар, Венгрия, Сооронбай Жээнбеков
Тема боюнча
Шайлоодон кийин карантин киргизилеби? Президент Жээнбековдун жообу
Жээнбеков Путин менен жолугар алдында эмне деди. Мамиле, кызматташтык, деңгээл
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылынын тургуну Муратбек Асанов . Архивдик сүрөт

Үндүк багып миллион сом киреше тапса болот. Кара-суулук ишкер менен маек

119
(жаңыланган 17:00 26.09.2020)
Ош облусунун Кара-Суу районундагы Баш-Булак айылынын тургуну Муратбек Асанов он жыл мурда үндүк багууга кызыгып, ишкерликтин бул түрүнө билек түрө киришкен.

 Азыр ал жүздөй канаттууну багып, жайлоодогу чарбасын жолго салып, жыл сайын жакшы эле киреше таап келет. Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы чарбакер менен маек куруп, үндүк багуунун сырлары тууралуу сүйлөштү.

— Көп жылдан бери үндүк багып келет экенсиз. Алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар эсиңизде болсо керек?

— Он жылдан бери үндүк багып, өзүмдүн чарбамды иштетип келем. Мурда 150-250 үндүк кармачумун. Быйыл санын көбөйтүп 480ге жеткирдим.  Бир жума мурда мал базарга сатканы алып баргам, тааныштар аркылуу интернетке жарнама берип, бардыгын 1000 сомдон 1500 сомго чейин сатып жибердим. Жакшы багылгандыктан каалоочулар бат эле талап кетти. Кыйынчылыктар боюнча айтсам, алгачкы бир-эки жыл тажрыйба топтогончо  кыйналдым. Тоодо болгон бир окуя  такыр эсимден кетпейт. Жазында жумарткадан чыккан жөжөлөрүмдүн көлөмү тооктон кичине чоң болуп калган. Бир күнү кызымды талаага кайтартканы кетирип жибергем. Бала неме коңшубуздун балдары менен ойноп кетип калыптыр. Бир маалда карасам эле үндүктөр адырга жүгүрүп чыгып, кайра түшүп качып жүрөт. Чуркап барсам, түлкү 90 үндүктү кырып салыптыр! Жырткыч четинен эле тиштеп ыргытып, кете берет экен. Кезинде ошондой кыйынчылыктар да баштан өттү.

Жыргалбаев: уйдун сүтүн эки эсе көбөйтө турган силос даярдап жатабыз

— Сиз канаттууларыңызды тоодо багат турбайсызбы. Алардын жакшы өсүшүнө кандай шарт түзүп берүү керек?

— Үндүк багуу үчүн жер кенен болгону жакшы. Үй-бүлөм менен жыл сайын жайлоого чыккандыктан ошол жакта багабыз. Тоого өзүбүздүн саан уйларды, бодо малды да алып чыгабыз. Чоң сарайыбыз бар, жайытыбыз кенен. Ал жактан үндүктөрдү көндүрүп, жумурткаларын сарайда бастыртабыз. Балапанын бир-эки ай жакшы карап, чоңойгондо эрте күздө эле айылга түшүп кетебиз. Үндүктү тоодо баккандын жакшы жагы көп. Курт-кумурска, дары чөптөрдү жеп бат чоңоет. Ал эми андай көп сандагы үндүктү айыл жерине оңой менен батыра албайсың.

Элеттик дыйкандын кеп-кеңешине чет элдиктер да муктаж. Агроном Касеев менен маек

— Эл мал бакканы атайын жайлоого көчсө, сиздер үндүк өстүрүп чыгат экесиз да?

— Ооба, февраль айынын ортосунда эле тоого кетебиз. Анткени үй-бүлөбүздүн негизги киреше булагы ушуну менен болот. Алардын тамак-ашына уйдун сүтүн колдонуп, балапандарды кичинекей кезинде сүт азыктарын берип тыңытабыз. Мисалы, тартылган көк сүттү иритип, уютуп беребиз. Үндүктү тоодо бакканда жем бир топ үнөм болот. Быйыл 500гө жакын үндүккө жөжөлөрү менен 5-6 мүшөк эле жем короттук. Эки айдан аман-эсен өтүп алса эле тамагын талаадан таап жеп, курсагын өз алдынча тойгузуп калат. Таңкы саат алтыда айдап чыгарабыз, салкында оттошот. Андан кийин күн ысыкта көлөкөлөп жатат. Кечке маал бир кайтарып келип камап салабыз.

— Чарбаңыз тоодо болгондуктан ит-куш кол салган учурлар болуп турса керек?

— Ал жагы да бар. Күндүз ээн жерде жайылып жүргөндө, түнкүсүн сарайда камалып турганда түлкүлөр кол салат. Ал үчүн атайын үч-төрт ит багып койгом. Талаада кайтарып жүргөн итти сөзсүз ээрчитип алабыз. Бизде үндүктүн саны көп болгондуктан койдой эле кайтарабыз.

Трактор курап, чакан ГЭС салган замандаштар. Элеттик жаратмандардын эмгеги

— Эмнеге тоок, каз же өрдөк баккан жоксуңар? Бул жаныбарды багуунун артыкчылыктарын айта кетиңизчи.

— Каз-өрдөк багуу үчүн суу кенен болуш керек. Биздин жайытта суу таңсыктыгы бар. Тоок баксаң көп ооруйт экен. Үндүктү эки айына чейин жакшы карасаң андан ары өзү эле чоңоюп кетет, тамак тандабайт. Башкаларына салыштырмалуу сатканда баасы кымбатыраак болот. Багуусу жарашса, сойсоң кичинекейлери беш-алты килограмм эт берет, эки жаштагы үндүктөн 10-12 килограммга чейин эт аласың. Тоодо жана айылда багылган үндүктүн этинде сөзсүз айырма болот. Анткени жайлоодо курт-кумурскаларды, түрдүү дары чөптөрдү жей тургандагын жогоруда айтып кетпедимби. Ээн-эркин өсөт. Ага жараша эти, шорпосу да даамдуу болот. Беш айда эле сатыкка жарап калат.

Кирешелүү бизнес. Ат-Башыда дары чөптүн 34 түрү менен иштеген Кампабекованын маеги

— Он жылдан бери үндүк багуунун көп сырын өздөштүргөнгө жетишкендирсиз. Алардын айрымдары менен бөлүшө кетсеңиз...

— Март айында чоң үндүктөр жумуртка тууйт, апрелде аларды бастырганга жаткырабыз. Майдын башында жөжө чыга баштайт. Бул канаттуу жумурткасын 28 күн басат, эң көбү 30 күнгө чейин жетет. Инкубатор колдонбой эле 40 үндүккө жумуртка бастырабыз. Энеси басып чыккандын пайдалуу жактары бар. Мисалы, балапандарын коруп карайт, а жөжө бат тыңыйт. Тоодо түлкүдөн сырткары канаттуу жырткычтар да кол салат, ошондо энеси аларды калкалап турат. Балдарына алгачкы биринчи, экинчи айында күчтүү тамак бериш керек. Бирок туздуу нерсени, нан, буудайды жолотпоңуз. Анын ордуна жүгөрү, күрүчтү сууга кичине кайнатып, көк сүттү иритип берген оң. Андан тышкары, балапан кезинде үч айга чейин ысыкты жакшы көрөт, андан кийин чоңойгон сайын салкынга качыра баштайт. Суукта көлөмдүү болуп, жакшы эттенет.

Кесиби актер. Эки айда жарым миллион сом тапкан багбан Каныбек Данияровдун маеги

— Эгер элеттик ишкер  тынбай эмгектенип, бир жылда 1000 үндүктү жакшы чоңойтсо, айылда эле бир миллион сомдон ашык акча таба алат экен да?

— Ооба. Ишкерликтин бул түрү бир үй-бүлөнү кеңири бага алат. Мен деле үндүктүн аркасы менен автоунаа алып, балдарымды чоңойтуп, окутуп-чокутуп, келин алып, кыз берип куда күттүм. Кудайга шүгүр, азыр жашоо-турмушум жакшы.

119
Тема боюнча
Сарайдагы малчыларды онлайн көзөмөлдөйм. 28 жаштагы элеттик ишкер менен маек
ӨКМ кызматкеринин издөө иштери. Архивдик сүрөт

Аламүдүн суусуна түшүп кеткен кыздын сөөгү 41 күндөн кийин табылды

0
(жаңыланган 17:46 26.09.2020)
Кыз августтун ортосунда "Теплые ключи" эс алуу жайында жүргөндө сууга түшүп кеткен. Аны табууга бүгүн 95 куткаруучу тартылган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Чүйдүн Аламүдүн суусуна түшүп кеткен 26 жаштагы кыздын сөөгү бир айдан ашык убакыттан кийин табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Кыз 15-август күнү "Теплые ключи" эс алуу жайында жүргөндө Аламүдүн суусуна түшүп кеткен. Куткаруучулар анын денесин бүгүн, 26-сентябрда, саат 14:40тар чамасында тапты.

Чоң Чүй каналына чөгүп кеткен бөбөктүн сөөгү 8 күндөн кийин табылды

Аны табууга бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 95 куткаруучу тартылган. Кыздын сөөгү ИИМ кызматкерлерине өткөрүп берилгени кабарланды.

0
Белгилер:
издөө, кыз, Суу, ӨКМ, Аламүдүн району, Чүй облусу
Тема боюнча
Аламүдүн: көлмөгө чөгүп кеткен эки жигиттин сөөгү табылды