Зым менен алынган курчоо. Архивдик сүрөт

Айланма жолдогу май куюучу жай курчалып, аскерлер жүрөт. Видео

1591
(жаңыланган 16:32 17.01.2020)
Кыргыз-казак чек арасындагы аймактардын биринен бүгүн, 17-январда, видео тартып алынган. Андан аскер формасын кийген кишилерди көрүүгө болот.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Айланма жолдогу транзиттик зонада жайгашкан май куюучу жай курчоого алынды. Казак тарапта аскер формасын кийген адамдар турат. Бул тууралуу маалымат менен видео Sputnik маалымат агенттигинин Telegram каналына жарыяланды.

Чек ара кызматы казак тараптын мындай кадамына бир аздан кийин комментарий берүүнү убадалады.

1591
Белгилер:
чек ара, көпүрө, Казакстан
Тема боюнча
Кыргыз-казак чек арасында 140тан ашык жүк ташуучу унаа топтолду