Курчоого алынган май куюучу жай. Чек ара кызматы түшүндүрмө берди

© Sputnik / Евгений Одиноков / Медиабанкка өтүүМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айланма жолдогу транзиттик зонада жайгашкан май куюучу жай курчоого алынды. Казакстан тарапта аскер формасын кийгендер турат.

БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Казакстан тарап транзиттик жолдун аймагын убактылуу курчап койду. Бул тууралуу Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашты.

Буга чейин күбөлөр айланма жолдогу транзиттик зонада (Ивановка айылынан алыс эмес жерде) жайгашкан май куюучу жай курчоого алынганын айтып, видеосун жиберишкен. Кадрдан аскер формасын кийген кишилерди көрүүгө болот.

Чек ара кызматы Бишкек — Нарын —Торугарт жолунун аймагында Казакстанга тиешелүү 800 метрлик транзиттик аймак бар экенин эскертти.

"Аталган аймакты Казакстан тарап тикенек зым менен убактылуу курчоого алды. Эки өлкөнүн жарандарына тең Казакстандын аймагындагы "Азия" жана "Достык" май куюучу жайына кирүүгө тыюу салынды. Ал эми транзиттик жол айдоочулар үчүн ачык", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандан транзиттик жолго кирген эки тарапка тең транзиттик жолдогу эрежелер тууралуу маалымат берген кошумча белгилер, маалыматтык такталар илинет.

Мамлекеттик чек ара кызматы кыргызстандыктарды транзиттик жолдо жүргөндө эрежелерди сактоого чакырат. Ошондой эле жолдон токтобой өтүү керектигин эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0