Былтыр Кыргызстанда көп өстүрүлгөн жашылчалар. Статистика

© AFP / PATRICIA DE MELO MOREIRAУрожай помидоров
Урожай помидоров - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2019-жылда Кыргызстандын бардык аймактарында мурдагы жылдарга салыштырмалуу жашылчалар көбүрөөк жыйналды. Көлөмү жагынан биринчи орунда помидор турат.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Былтыр республика боюнча 1 миллион тоннадан ашык жашылча чогултулду, бул 2018-жылга салыштырмалуу 3,5 пайызга көп экенин Улуттук статистика комитетинен билдиришти.

Продукты без ГМО - Sputnik Кыргызстан
Дарыгер тоңдурулган жашылчалардын артыкчылыгын айтып берди
Мисалы, помидор 240 миң тоннадан ашты, бул мурдагы жылдагыдан 7,1 пайызга көп дегенди түшүндүрөт. Сабиз 3,2 пайызга (182 миң тонна), бадыраң 8,7 пайызга (130 миң тонна), сарымсак 25 пайызга (124 миң тонна) көбөйдү.

Дыйкандар былтыр капуста менен пияздан дагы мол түшүм алды. Тагыраагы, өлкөдө жалпысынан 134 миң тонна капуста чогултулду. Бул 2018-жылдагыдан 9,1 пайызга көп. Пияз ага жетпесе дагы 4 пайыздан (200 миң тонна) жогорураак болду.

Мындан тышкары, калемпир, чамгыр, баклажан сыяктуу жашылчалар дагы мурдагыдан көп жыйналды.

Жаңылыктар түрмөгү
0