БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Ататүрк" паркындагы "шайтан дөңгөлөк" алынат. Бул тууралуу шаар мэринин кеңешчиси Гуля Алмамбетова кабарлады.
Буга чейин аталган сейил бакта бир нече аттракцион алынып жатканы айтылган эле.
Алмамбетованын маалыматына караганда, кезек "шайтан дөңгөлөккө" жетти.
"Аттракциондун конструкциясы абдан эскирип, кооптуу болуп калды. Атургай шаардыктардын жашоосуна коркунуч жаратууда. Ошондуктан алып салуу чечими кабыл алынды. Эскирген 28 аттракцион жок кылынгандан кийин жаңыларын орнотуу үчүн тендер жарыяланат", — деди Алмамбетова.Ал кошумчалагандай, мэрия көңүл ачуу жайларындагы коопсуздукка өзгөчө көңүл бурууда.
"Бул максатта былтыр Панфилов паркындагы аттракциондор жаңыланды. Баса, бул парктын ижара мөөнөтү аяктагандыктан, муниципалитет аны өзүнө кайтарып алганы жатат", — деди кеңешчи.
2019-жылы мэрия жалпысынан 2 659 объектини жок кылды. Анын ичинде капиталдык жана жеңил курулуштар, рекламалык конструкциялар бар.
БИШКЕК, 27-фев. – Sputnik. Күлүйпа Кондучалова менен кыргыз маданиятынын алтын доору башталган. Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаров билдиргенин президенттин маалымат кызматынан маалымдашты.
27-февраль күнү Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрында көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Күлүйпа Кондучалованын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара болуп өттү.
“Күлүйпа апабыз кыргыз мамлекеттүүлүгү жарала электе, башкача айтканда, элибиз автономия тууралуу оозанмак түгүл кыялданганга шаасы жетпей турган, Үркүндөн кийинки оор замандарда Жети-Суу облусунун Пишпек уездиндеги Кара-Жыгач деген конушунда 1920-жылы жарык дүйнөгө келген. Замандын талабын туйган элеттик кыз эл жүгүн аркалоого эртелей аттаныптыр. Сабатсыздыктын арааны күч ошол мезгилде кыргыз кыздарынын ичинен алгачкылардан болуп суурулуп чыгып, тайманбастан Пишпекке окууга келет. Бул да эрдикке тете иш эле. Он сегиз жашында педагогикалык окуу жайын аяктагандан тартып кылымдар тогошкончо, XXI кылымдын башына чейин, тагыраак айтканда, сексен жаштан өткөнчө жалаң мамлекеттик, өкмөттүк жана коомдук иштерди аркалады”, — деди Жапаров.
Ал Кондучалованын кызматтык жолуна да кыскача токтолгон.
“Жакшылап баам салсак, кылымдарга даңкы артып, аңызга айлана турган жумуштар Күлүйпа энебиздин тушунда арбын жасалды. Четинен эле санап, мисал кыла кетейин. Ал кишинин министрлик ишмердүүлүгүнүн алгачкы жемиши катары кыргыз искусствосунун Москвадагы 2-декадасынын ийгиликтүү өткөнүн айтышат.
Президент дүйнөнүн ондогон атактуу театрларында кыргыз искусство чеберлери жараткан ийгиликтердин ар бири Күлүйпа Кондучалованын кажыбас кайраты, талыкпаган мээнети менен байланыштуу экенин кошумчалаган.
БИШКЕК, 27-фев. — Sputnik. Кыргызстандагы Хендэ борбору Hyundai (Хендэ) моделинин Elantra, Sonata жана Santa Fe деп аталган үч жаңы түрүн көрсөттү.
Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн кызматкерлери, компаниянын өнөктөштөрү, медиа өкүлдөрү, блогерлер жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү катышты.
Бул моделдер кыргызстандыктарга көптөн бери тааныш экенин айткан "Азиямоторс" ЖЧКсынын Кыргызстандагы жетекчиси Владимир Лим дал ушул модификациялар биринчи жолу сунушталып жатканына токтолду.
“Бүгүн биз үчүн өзгөчө күн. Жергиликтүү рынокко үч моделди алып чыгып жатабыз. "Азиямоторс" компаниясына 12 жыл болду, бул убакыт аралыгында биз миңдеген адамды унаалуу кылып, рынокту жаңы деңгээлге көтөрүүгө салым коштук”, — деди ал.
Hyundai Motors CIS ("Хендэ Моторс СНГ") компаниясынын аймактык директору Хван Ки Ен мырза "Азиямоторс” Hyundai брендинин Кыргызстанда жайылып, таанымал болушуна өбөлгө болгонун белгиледи.
“Биз үчүн автоунаа ыңгайлуу, көзгө сүйкүмдүү болгону эле эмес, айдоочуга кам көрөрүбүз билинип турганы маанилүү”, — деди Хван мырза.
Иш-чарага Корея Республикасынын Кыргызстандагы элчилигинин консулу Пак Ки Сок да катышты. Ал ушуга окшогон иш-чаралар аркылуу кореялык автоунаалар Кыргызстанга көбүрөөк импорттолоруна үмүт артты.
Hyundai компаниясынын сатуу бөлүмүнүн жетекчиси Азат Мурдинов “Хэнде” автомобилдеринин сапаты мыкты экенин, анткени жогорку технологиялык заводдон чыгарын белгиледи. Ал жакта машинаны чогултуу процесси автоматташтырылганы кошумчаланды.
“Автоунаалардын баары Кореядан чыгат, беш жылдык кепилдиги бар. Elantra моделинин баасы 22 миң доллардан башталат, нарк опцияларга жараша, кардар өзүнө ылайык түрүн тандап ала алат. Бизнес-класстагы D — Sonata моделинин баасы 27 миңден жогору. Ал эми Santa Fe 35 миңден өйдө турат”, — деп айтып берди ал.
Конокторго алгач Hyundai Sonata сунушталды. Капотко узатасынан тартылган диод жарыктары машинанын көркүн ачкан. Образды 18 дюймдук дисктер толуктап турат. Панелинде алган багыт тууралуу бардык маалымат, приборлордун көрсөткүчтөрү чыгып турат, андан тышкары, маңдайкы айнекте прибор көрсөткүчтөрүнүн проекциясы жана айланта көрүү мүмкүн болгон системасы бар.
Максималдуу кубаттуулугу — 180 аттын күчүнө барабар. Машинада ылдамдыкты кнопка менен алмаштыруу блогу, алты коопсуздук жаздыкчасы, круиз-көзөмөл, ошондой эле алдынан тоскоолдук чыкса автоматтык токтоо системасы каралган.
Андан соң сахнага Hyundai Elantra чыкты. Бул моделде автомобилдин дизайнга мүнөздүү болгон учтуу формалар жок. Кузову адаттагыдан кең, узунураак келет. Аралыктан кубаттоочу түзүлүш, автоматтык токтоо системасы бар.
Кеченин кульминациялык ирмеми Hyundai Santa Fe болду. Модель бүгүнкү күндөгү жолтандабас жаатындагы чоң секирик десе болчудай. HD-дисплейи менен кошо санарип панели, көрүнбөгөн зоналардын монитору, 8 дюймдук дисплейи жана смартфонду алмаштыруу функциясы бар аудиосистема, смартфондорду аралыктан кубаттоочу системасы бар.
Hyundai компаниясынын Кыргызстандагы расмий өкүлү болуп "Азиямоторс" ЖЧКсы эсептелет. Борбор Кыргызстанда 2010-жылдан тарта иштеп, автоунаа сатуу, андан кийинки тейлөө жана тетик менен камсыздоо кызматтарын көрсөтөт.
БИШКЕК, 28-фев. — Sputnik. Кыргызстандык грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков Киевде спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча Украинанын чыгаан балбандарынын жана машыктыруучуларынын элесине арналган XXIV эл аралык мелдештин финалына чыкты. Мелдештин жүрүшүн аталган өлкөнүн спорттук күрөш ассоциациясынын расмий сайты түз алып көрсөттү.
Кыргызстандык балбан 1/16 финалда алжирлик Абдельжеббар Жеббарини утса, 1/8 финалда грузиялык Дато Чхартишвилини жеңди. Ал эми чейрек финалда Иво Ангеловду (Болгария) утуп алган.