"Инфоком" виртуалдуу паспорт чыгарууга белсенүүдө

© Фото / пресс-служба ГП "Инфоком" "Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Санарип ID" виртуалдык паспортун ишке берүүгө даярдык көрүүдө
 Инфоком мамлекеттик ишканасы Санарип ID виртуалдык паспортун ишке берүүгө даярдык көрүүдө - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Виртуалдуу паспорт мамлекеттик тейлөөнү электрондук түрдө пайдаланууга шарт түзөт. Долбоорду 2020-жылы апрелде ишке берүү каралууда.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. "Инфоком" мамлекеттик ишканасы "Санарип ID" виртуалдык паспортун ишке берүүгө даярдык көрүүдө. Бул тууралуу мекеменин Facebook тармагындагы расмий баракчасында жазылган.

Белгилүү болгондой, виртуалдык паспорт мамлекеттик тейлөөнүн электрондук түрүн пайдаланып, бейтапканага, мектепке онлайн түрүндө кезекке туруп, интернет-банкинг кызматтарын телефон аркылуу колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет.

"Жеке маалымат смартфондо узакка сакталбайт, бирок анын коопсуздугунун жогорку деңгээлде корголушуна кепилдик берет. Баары электрондук кол коюу аркылуу иштейт", — деп айтылат маалыматта.

Долбоорду 2020-жылы апрелде ишке берүү каралууда.

Мындан тышкары, "Инфокомдун" планында айдоочулук күбөлүктүн, эмгек китепчесинин, транспорт каражатын каттоо туурасында күбөлүктүн жана башка документтердин электрондук түрүн чыгаруу бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0