Бишкек кайсы орунда? Дүйнөдөгү эң кымбат шаарлардын рейтинги түзүлдү

© Sputnik / Михаил ДудинБишкек шаары. Архив
Бишкек шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Интернет-ресурстун жарыялаган рейтингине жашоо-шарты кымбат турат делген гана 440 шаар кирген.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Numbeo статистикалык порталынын эксперттери дүйнө жүзүндөгү эң кымбат шаарлардын рейтингин түзүп, анын катарына Бишкекти да киргизди.

Жашоо-шарты кымбат калаа делген тизмеге 440 шаар кирген. Рейтингдин алдыңкы бештигинде Швейцария өлкөсүнүн Цюрих, Базель, Лозанна, Женева жана Берн шаарлары турары белгилүү болду.

Сказка каньону. Архив - Sputnik Кыргызстан
CNN Кыргызстанды 2020-жылы сөзсүз кыдыра турчу өлкөлөрдүн катарына кошту
Ал эми ондукка Норвегиянын Ставангер, Осло, Тронхейм жана Исландиянын Рейкъявик шаары кирген.

Москва шаары 251-сапка чыгып, Россия шаарларынын ичинен эң кымбаты деп табылды.

Борбор Азия өлкөлөрү бул тизменин арт жагынан орун алган. Алсак, Казакстандын борбору Нур-Султан 386, Алматы 289-орунда турат.

Ал эми Бишкек 410-сапты ээлеген, Ташкент Кыргызстандын борбор калаасынан арзаныраак бааланып, 413-орунга татыган.

Эксперттердин айтымында, жашоо наркынын индекси дүкөндөрдөгү, ресторандардагы бааларды, коомдук транспорттун жол киресин, коммуналдык кызматтарга кетчү чыгымдарды жана калктын сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө карап чыгарылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0