Адвокат Рустам Абдурауфов

Төбө чач тик турат! Адвокаттын КРдеги соттор тууралуу агынан жарылган маеги

5923
(жаңыланган 13:47 19.01.2020)
Рустам Абдурауфов Кыргызстандагы мыйзамдарда кутулуп кетүүгө жылчык көп экенин айтат. Мисалы, киши өлүмүнө себепкер мас абалындагы айдоочулар кырсык болгон жерден жөн качпайт экен. "Кийин аларга жеңил болот" деп түшүндүрдү жактоочу.

Маектештеримдин көбү баарлашуудан соң диктофонду өчүрүүнү өтүнүп, жарыялай көрбөңүз деп кызыктын баарын айтып беришет. Алардан айырмаланып адвокат Рустам Абдурауфов жумушу тууралуу жаап-жашырбай маек бере алат.

— Бала кезде баарыбыз адвокат болгубуз келчү. Ал кезде теледен "Сот убагы" өңдүү көптөгөн берүүлөрдү тынбай көрсөтүшчү.

— Мен бул кесипти кыялданган эмес элем. Милициянын полковнигинин үй-бүлөсүндө төрөлдүм, мындай иш эмне экенинен кабардар болчумун. Атам үйдө болгону эсимде жок, Таласты түрө кыдыра иштечү. Кылмышкерлерди колго түшүрүп, атышууларга катышчу.

Кичине кезимде атам: "Юриспруденцияга дегеле бара көрбө! Балдарыңдын кандай чоңойгонун көргүң келбейби эмне?" — деп кайра-кайра айтар эле. Системадан аябай көңүлү калыптыр, себеби совет мезгилинде укук коргоо органдарынын кызматкерлери адилет, таза иштей алышкан, ал эми азыр айланаңда чылгый жемкорлук, бири-бирин сатмай, телефондук укук.

Балким совет убагында мунун баары ачык жасалчу эместир. Азыр сага келип "маселеңди чечип берем, бирок акысы мынча" деп айта алат. Тигил же бул чечим үчүн ким кимге жана канча бергенин баары билет. Эгер ушундай нукта кете берсек, анда жакында параны терминал аркылуу которо баштайбыз. Пос-терминалда коммуналдык кызмат, интернет, мобилдик байланыш менен катар эле тизмеде "пара" деген панель кошулганын элестетсеңиз! Биз ошого эле баратабыз.

— Эмгек чыйырыңыз кантип башталган?

— Баары банк тармагынан башат алды. Иш абдан жеңил, анткени юристтин колунда бардык келишимдер турат, баары жөнөкөй, түшүнүктүү. Бирок моралдык жактан оор эле, адамдардан акыркы мүлкүн тартып алууга тийиш болчусуң.

Бир учур эсимде. Уулу улгайган ата-энесинин үйүн күрөөгө коет. Насыяны төкпөйт, анан банк мүлкүн алуу менен төлөтүп алууга киришет. Үйүнө барганымда улгайган ата-энесинин сыздаганын көрдүм... Ири банктар, сот системасы, прокуратура үчүн мунун баары болбогон нерсе. Ошондо карыяларды үйүнөн чыгаруунун ордуна мен банкка каршы аракетте болуп, ишти токтоттум. Уулу менен сүйлөштүм, ал акырындап насыяны төгө баштады. Ошентип үй анын ата-энесинде калды.

Анан өз турмушума көз чаптырдым. Адамдардын тагдырын талкалап, ушинтип иштөөнүн кажети барбы дедим. Бир жагынан алар өздөрү келишим түзгөн, акча алышкан деңизчи. Экинчи жагынан... Айтор, банктан кетип калдым.

— Адвокат катары алган алгачкы ишиңиз жадыңыздабы?

— Ооба, Ысык-Көлдөн келген 21 жаштагы жигитке жактоочулук кылгам. Анын апасы жаман кеселге кабылат, өлүм алдында жаткан десек да болот. Ага дары сатып алуу үчүн ал коңшу айымдыкына кирип, телевизор, видеомагнитофонун уурдайт.

Прокурор уурулук үчүн бир нече жыл сурады, ал эми мен жигиттин ал кылмышка барууга аргасыз болгонун далилдешим керек болчу. Башкача айтканда, апасын дагы бир аз жашатуу үчүн башка аргасы калбаганына сотторду ынандырууга тийиш элек.

Айыпталуучу Ысык-Көлдө тапкан акчасынын баарын апасынын дары-дармегине коротконун, өзү ач-ток жашаганын сотто далилдедик. Ар кимден карыз сурап, баары "жок" дегени боюнча жазууларды сотко көрсөттүк. Мен кылмышкерди актап жаткан жерим жок, бирок ал коомдон оолак тута турган адам эмес да! Ошентип ал жигит азатта калды. 

Адвокат Рустам Абдурауфов во время беседы в офисе Sputnik
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Рустам Абдурауфов Кыргызстандагы мыйзамдарда кутулуп кетүүгө жылчык көп экенин айтып берди

— Майда уурулукка апасын куткаруу үчүн барган кишини жактаган го жакшы иш. Киши өлтүргүч же зордукчулду коргоо кандай?

— Жаңы иштей баштаганда киши өлтүргөн, зордукчул, экстремист жана баңгизат сатуучуларды коргоо ишин албайм деп чечкем. Андайларды коргобойм дегем. Бирок жашоодо ар кандай болот экен. Бир кишинин ишин алдым. Ага дейре ал тогуз жолу соттолуптур, башкача айтканда, бүт жаштыгын абакта өткөргөн. Кайсы бир маалда токтолуп, түз жашоо баштоого белсенет. Кардарларымдын бирине үйлөнүптүр, ага кайсы бир жарандык иште жардам берген элем.

Бир күнү эле ал кишинин дайыны чыкпай калат. Жубайы: "Рустам, эмне кылыш керек?" — деп мага телефон чалды. Арыз жаздык, издөө салдык. Бир-эки күндөн кийин ал РИИБден табылды, баңгизат менен кармашкан имиш.

Ал киши ыкчам кызматкерлер бир ишти жасоого мажбурлай жер төлөгө камашканын айтып берди… Баш тартканында чөнтөгүнө баңгизат салып коюшат. Анын салмагын аныктоо милиция бөлүмүнө жакын жердеги азык-түлүк сатылган павильондо жүргүзүлгөнүн далилдеп, аны түрмөдөн алып калдык. Албетте, граммын так аныктагыдай ал тараза эч кандай метрологиялык иликтөөдөн өткөн эмес. Ал киши азыр азатта, бирок өлүм алдында. Бүт өмүрүн түрмөдө өткөргөн, гепатит С жана кургак учуктун ачык түрүн жуктуруп алган экен. Аялына жана балдарына жуктуруп албоо үчүн үйүнөн кетип калган. Балдак таяна, оор абалда өткөндө эле кеңсеме келип кетти. Өзү тарткан картинаны сунуп: "Бул менин өмүрдөгү акыркы өтүнүчүм. Иш бөлмөңдө илинип турсун", — дейт. Узап кетсем, топурак салууга барып калсаң деп апасынын номерин берди.

— Киши өлтүргүч жана зордукчул кишилер боюнча эмне дейсиз?

— Зордукчул кишилер менен иштешпейм, тескерисинче, алардын курмандыктарына акы албай жардам берем.

Ал эми киши өлтүрүү боюнча... Азыр ошондой эки ишти карап жатам.

— Келиңиз, жемкорлук маселесине кайталы. "Сотто эбак баары сатылган" деген кепти көп кишиден угам. Бул чындыкка канчалык дал келет?

— Кардарлар келип тигил тарап кимгедир акча берип жатат дегенде, дароо эле кайсы соттук коллегия экенин атай алам. Кардарлар "Сиз кайдан билесиз?" деп таңданышат. Иш коммерциялык болсо, ал бир соттон экинчисине өтө берет.

Бул керемет параллелдерди дароо байкай албайсың, бирок бир топ жылдан бери иш жүзүндө көрүп келем. "Сай сайга куят, бай байга куят" деген макал бар. Эгер иш коммерциялык болсо, анда биринчи инстанциядагы сот сөзсүз түрдө андан өйдө турган инстанциядагы жолдошуна "мында бир иш бар, чечим чыгарам, сен да мени колдоп кой" деп телефон чалат.

Ошентип бул иш уланып кете берет: эгер биринчи инстанцияда кайсы сот болсо, экинчи инстанцияда жана Жогорку сотто ким карай турганы анык. Азыр сотторду компьютердик программа менен капилет тандашат. Бул мурдатан түзүлгөн системаны талкалоо үчүн атайын жасалган. Бирок баары кайра эле мурдагы бойдон.

Ишти өз көңүлдөрүнө кантип төп кылышат билбейм. Балким маалыматты компьютерге көп ирет киргизип, кийин өчүрүп коюшар. Кармалган жокпу, демек ууру эмес да. Бирок кайсы сот андай иштерди аларын биз жакшы билебиз. Төбө чачты тик тургузчу өкүмдөр толтура! 

Адвокат Рустам Абдурауфов во время беседы в офисе Sputnik
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Абдурауфов: азыркылар "маселеңди чечип берем, бирок акысы мынча" деп ачык эле айтып калды

— Кандай жүрөт бул иш?

— Мага бир жолу курулуш компаниясы кайрылды. Бир киши элит-класстагы кенен батир сатып алат. Жалпы наркынын 20 пайызын төлөйт, дагы жүз миң доллардай карыздар. Ал ишканага карызын жабуу үчүн өзүнүн Lexus маркасындагы унаасын сунуштайт. Албетте, курулушчулар андан баш тартат: машина 30 миң доллар, ал эми карызы 100 миң! Газ, светин өчүрүшөт, бирок ал кайра эле баарын кошуп алып жашай берет.

Анда жашмын, сотто уттурган ишим боло элек болчу. Иш жеңилдей туюлган: келишим колдо, аткарылбаган милдеттенмелер...

Сотто менин ичиме Плевако кирип кеткендей эле болду (Федор Плевако — даңазалуу орус жактоочусу, сот иштеринде алдына киши салдырбаган чечен - ред.). Ошол карызкор кишинин айынан курулуш токтоп, ишкана банкрот болуп калчудай сүйлөдүм сотто.

Жооптуу тараптын жактоочусу сөз алды. Мурда аны көрүп жүргөм, Жогорку Кеңеште иштечү. Ордунан туруп: "Биз аларга машинабызды сунуштадык, алар алышпады. Ошондуктан биз үйдү бошотууга макул эмеспиз", – деди. Кеби болгону ушундай эки саптан турду!

Ага суроолорду жаадырдым, бирине да жооп бере алган жок! Жактоочунун материалдар менен тааныштыгы да жок экен! Залдан чыкканыбызда ал мага: "Эмне эле бушайман болосуң? Биз баары бир утабыз!" – деди. "Байке, сиз эмне деп жатасыз? Мыйзам биз тарапта", — деп таң калдым. Иштер андай чечилбей турганын кыйытты.

Беш мүнөттөн кийин сот залына кирдик, биздин өтүнүчтү четке кагышты! Кантип, эмнеге?! Айран таң калдым. Ыксыз бир чечим. Менин кардарым мага нааразы болду, айтымында, тыкыр иштеп чыкпапмын.

Өжөрлөнө ишти аягына дейре чыгарууну чечтим. Экинчи инстанцияга бардык, ошол эле көрүнүш, өтүнүчүбүз четке кагылды!

Жогорку сотко бардык, көзөмөлдүк арыз жаздык. Соттук коллегия кеңешип, процессти кайра ачуу чечимин кабыл алды. Кудайга шүгүр, жок дегенде булар ишти колго алды деп ойлодум. Бир-эки ирет процессти жылдырышты, анан кайра каршы тараптын пайдасына чечим чыгарышты. Менимче, алар ошончо убакыт каржы боюнча соодалашып жатышкан өңдөнөт.

Азыр эстеп күлөм, бирок кезегинде жеке мени мазакташкандай эле сезилген. Ошол жактоочу байке азыр деле иштейт.

— Өтө шектүү бир киши менен сүйлөшүп калгам. Айтымында, иш сотко өтө элек болсо киши өлтүрүүнүн жазасынан 10 миң доллар берип кутулуп кетүүгө болот экен. Сотко өтүп кетсе, бир нече эсе жогору баа, бирок аны деле бүткөрсө болот экен. Кандай дейсиз, ал киши жөн эле мактанып койдубу же анын сөздөрүндө чындык барбы?

— Адамдар акча кармата коюп жоопкерчиликтен кутулган учурлары болгон, бирок кийин аларды баары бир эстеп, кайра ишти казып чыгышат. Аларды "саан уйлар" деп коем. Көбүнесе алар экономикалык кылмышка аралашкан адамдар.

Алар акча берет, иш жабылат, жыл соңунда прокуратура документтерди текшерип, кайра көтөрүп чыгат да, иш кайра жанданат. Ошентип иштин эскирүү мөөнөтү бүткөнчө кишини эзип бүтүрүшөт. Бирөөгө акча бергенден көрө эч кимди өлтүрбөгөнүңдү далилдеген оң. Бирөөнү өлтүргөн болсо да ошенткен жеңил.

— Кайсы иш эң татаал болду эле?

— Сания Шакированын иши (Miss Universe Beauty 2018 эл аралык сулуулук сынагынын жеңүүчүсү, 2018-жылдын 3-июнунда жол кырсыгынан каза тапкан — ред.). Аны мурда таанычумун, ошол каргашадан бир ай мурун жубайым менен анын сулуулук салонуна барганбыз. Бала кыял, баео жан эле.

Кырсыктан кийин ошол керемет кыздын денеси кандай жабыркаганын көргөнүмдө бир саамга тилим буулду... Аябагандай оор болду.

Сотто айыпталуучудан кыздын энесинен кечирим суроосун талап эттим (кырсыкка күнөөлүү деп Чыңгыз Кондубаевди табышкан — ред.). Ага чейин ичип алып айдаганын мойнуна албай, кечирим да сурабай жаткан. Муну күбөлөрдү сурап жатып далилдөөгө туура келди. 

 Адвокат Рустам Абдурауфов во время беседы в офисе Sputnik
© Sputnik / Жоомарт Ураимов
Абдурауфов: киши өлтүргөн, зордукчул, экстремист жана баңгизат сатуучуларды коргоо ишин албайм деп чечкем

— Жол кырсыгынан кийин экспертиза дароо жүргүзүлбөйбү?

— Шектүүнүн достору Тез жардамдан аны ооруканага жеткиребиз деп алып кетип калышкан. Бирок ооруканага барбай, таксиге отуруп Бишкекти көздөй жөнөгөн. Ошондо гана кайгыга чыдабай ичкенин айтып туруп алган.

Ал укук коргоо органдарында иштеген, иш кандайча болорун жакшы билген. Качып кетүү жеңил, себеби прокурор рулдагы кишинин мас абалында болгонун далилдеши кыйын. Мыйзамдагы бул жылчыктан көбү пайдаланат.

— Саниянын иши кандай бүттү?

— Адегенде аны 10 жылга эркинен ажыратып, моралдык зыян үчүн 2 миллион сом доого жыгышкан, себеби маркумдун аркасында улгайган энеси жана үч чиедей баласы калган. Бирок кийин жаңы Жазык кодекси кабыл алынып, соттор өкүмдү өзгөртүштү.

Жаңы мыйзамга ылайык, андай кылмышка беш жылга чейин жаза берилет, ал эми моралдык зыян үчүн сумманы 100 миң сомго азайтышты. Элестетиңиз, адам өлтүрсө да 100 миң сомго чейин эле төлөйт экен!

Кудай жалгап сунуштама тапшырууга үлгүргөм, сот маркум кыздын апасын гана эмес, үч баласын да жабырлануучу деп тапты. Натыйжада айыпкер беш жыл темир тор артында, анан да Саниянын үй-бүлөсүнө 400 миң сом төлөп берүүгө тийиш.

Жаңы кодексте эптемейлер толтура. Инсандын руханий-адеп-ахлактык саламаттыгына каршы кылмыштар бөлүмүн караңыздар. Соңку беренесинде жаныбарларга таш боор мамиле кылуу деп жазылган. Мунун кандай тиешеси бар? Бизде уй же кой инсан болуп калганбы?

Эң кооптуусу — Жазык кодексине өзгөртүү киргизүүгө мораторий киргизилип калганы, ал бир топ оңдоого муктаж! Бизди 10 жылга артка чегиндиришкендей!

5923
Белгилер:
Кыргызстан, кардар, абак, сот, адвокат
Тема боюнча
3-4 жаштагы кыздар кансырап келет. Балдар гинекологу Боромбаева менен маек
Юрист: милиция кызматкерлерин видеого тартууга мыйзам тыюу салбайт