Жээнбеков быйыл балдарга эмне себептен өзгөчө көңүл буруларын түшүндүрдү

Жазылуу
Үстүбүздөгү жылды мамлекет башчысы Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп атаган.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Балдарга жасалган зордук-зомбулуктардан улам ушул жылы кичинекей кыргызстандыктарды колдоо чечими кабыл алынганын президент Сооронбай Жээнбеков мамлекеттик сыйлык тапшыруу салтанатында сөз сүйлөп жатып билдирди.

Эске салсак, 2020-жылды президент Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы деп атаган.

"Улууларды сыйлап, балдарды камкордукка алган коомчулук гана өлкө үчүн жаркын келечек түзө алат", — деди президент.

Президент Сооронбай Жээнбековдун маалымат катчысы Толгонай Стамалиева - Sputnik Кыргызстан
Аймакты өнүктүрүү, санариптештирүүгө балдарды колдоо кантип кошулуп калды? Жооп
Ал белгилегендей, ата-бабаларыбыз бизге улууларды урматтап, жетим-жесирлерге камкордук кылып, мээримдүүлүк менен мамиле жасоону негизги эреже катары көргөн коомду мурастап кеткен.

"Тилекке каршы, азыр зордук-зомбулук, кары-картаңдар менен жаш балдар кароосуз калган учурлар кездешүүдө", — деди Жээнбеков.

Президент кошумчалагандай, бул иштин максаты — улуттук баалуулуктарды сактоо жана бекемдөө.

Жаңылыктар түрмөгү
0