Эстеликтеги гүлдөр. Архив

Манасчы Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат

128
(жаңыланган 13:49 20.01.2020)
КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер 19-январда көз жумган. Ал 1934-жылы Нарын облусунун Кочкор районундагы Чалай жайлоосунда жарык дүйнөгө келген.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. 86 жаш курагында дүйнө салган айтылуу манасчы, жазуучу жана акын Сапарбек Касмамбетовдун сөөгү 21-январь күнү "Ала-Арча" көрүстөнүндө жерге берилет. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эскерте кетсек, манасчы 19-январда көз жумган.

Президенттик аппараттын некрологунда Касмамбетов манасчылык улуу өнөр шыбагасын айтылуу Саякбай Каралаев, Мамбет Чокморов, Шапак Рысмендеевдерден алса, кийинки муун манасчылары Шаабай Азизов, Кааба Атабеков, Уркаш Мамбеталиевдер менен канатташ болуп, манасчылык өнөргө ат көтөргүс эмгек сиңиргени белгиленет.

"Сапарбек Касмамбетовдун устаты айтылуу Шапак манасчы өнөрүн таптап, элге атын чыгарды, калың журтту аралатып, жаш манасчыны элге таанытты. Ал манасчылык өнөрдү жети жашынан аркалап, атактуу манасчылардын изи менен жүрүп, алардын өнөр шыбагасын боюна сиңирип, устат өнөрүн узанып келди", — деп айтылат эскерүүдө.

Маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнаты 21-январда саат 11.00дө өтөрү белгиленет.

Сапарбек Касмамбетов 1934-жылы Корумду айылында жарык дүйнөгө келген. Жаштык кези айылда өтүп, кийин Балыкчы шаарында эмгек жолу башталып, билим берүү тармагында эмгектенди. Маданий агартуу тармагында жарым кылымдан ашуун эмгектенип, элибиздин руханий дүйнөсүнө өзгөчө салым кошту. Муратбек Рыскулов атындагы Нарын музыкалуу драма театрында чыгармачылыгы таанылып, элдик ыр-күүлөрдү, дастандарды жайылтуучулардын бири болду. 1992-жылы өткөрүлгөн республикалык төкмө акындардын биринчи айтышынан тартып акындык өнөрдү алдыга сүрөп, жол баштап, шакирттерди өстүрүп чыккан.

128
Белгилер:
президент, сөөк, маркум, Ала-Арча көрүстөнү
Тема боюнча
Белгилүү манасчы Сапарбек Касмамбетов дүйнөдөн кайтты

Бишкекте православдар Крещение майрамын белгилешти. Чиркөөдөн сүрөттөр

4
  • Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
  • Кудайга сыйынып жаткан аял
  • Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
  • Дин кызматкери зыярат учурунда
  • Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
  • Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
  • Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
  • Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
  • Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
  • Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
  • Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
  • Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү
Sputnik Кыргызстандын фотокабарчысы Табылды Кадырбеков бул кадрларды Жибек Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан чиркөөдөн тартып келди.

Салт боюнча Крещение майрамы сыйынуу менен башталат. Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат. Андан соң Чүй облусундагы сууга чөмүлүп чыгышат.

Крещение майрамын ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгилешет. Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип сууга түшүп кетчү.

 

4
  • Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Сүрөттөр православ христиандарынын Бишкектеги чиркөөсүнөн тартылды

  • Кудайга сыйынып жаткан аял
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Кудайга сыйынып жаткан аял

  • Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Православдардын ишенимине ылайык, сыйынуу шам жагуу менен башталат

  • Дин кызматкери зыярат учурунда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Дин кызматкери зыярат учурунда

  • Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамын Кудайга тилек айтуу менен баштайт

  • Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Майрамды белгилөө маалында дагы санитардык нормалар эске алынып, бет кап тагынып келгендер болду

  • Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Жыл сайын Крещениеден бир күн мурун православдардын чиркөөсүндө ыйык сууну келгендерге чачуу жөрөлгөсү жасалат

  • Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамы ыйык Рождестводон кийин (6-18-январь) белгиленет

  • Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамынын экинчи атын Богоявление деп атап коюшат

  • Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Ыйык Жазууларга ылайык, Иисус атайын Галилеядан Иордан дарыясына келип ыйык сууга түшүп кетчү

  • Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Чиркөөнүн кызматкери келгендерге ыйык суу чачууда

  • Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү
    © Sputnik / Табылды Кадырбеков

    Крещение майрамынын жөрөлгөлөрү 19-январга караган түнү өттү

Белгилер:
белгилөө, майрам, чиркөө
Тема боюнча
Путин Рождество күнү байыркы чиркөөгө барып зыярат кылды. Видео
Православдар Рождествону кантип белгиледи. Чиркөөдөгү сүрөттөр
Жолдо турган жүк ташыган унаалар. Архивдик сүрөт

Жүк ташыган унааларга навигациялык пломба коюу долбоорунун мөөнөтү узарды

26
(жаңыланган 12:56 19.01.2021)
Жүк ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде ишке ашырылат. Навигацияны колдонгон айдоочуларды жолдо кошумча текшерүүгө жол берилбейт.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча автоунаалар менен өткөрүлүүчү товарларга мониторинг жүргүзүү боюнча пилоттук долбоордун мөөнөтү узартылды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматы маалымдады.

Тийиштүү чечимге Кыргызстан менен Казакстандын салык органдарынын жетекчилери кол коюшту. Ага ылайык, пилоттук долбоордун мурдагы мөөнөтү 2020-жылдын 10-декабрына чейин болсо, эми 2021-жылдын 10-мартына чейин узартылды.

"Ушул мезгилде Кыргызстандан Казакстанга, Россияга жана тескери багыт боюнча товарларды ташууда өзү алып өтүүчү товарлардан тышкары автоунаа каражатынын жүк турган бөлүктөрүнө навигациялык пломба илинет. Жети мүнөттөн ашпаган убакытты талап кылган жол-жобо Казакстандын Финансы министрлигинин мамлекеттик кирешелер комитетинин кызматкерлери тарабынан жүзөгө ашырылат", — дешти салыкчылар.

Ташуучулардын пилоттук долбоорго катышуусу ыктыярдуу жана акысыз негизде болот. Ошол эле учурда өткөрмө пунктуларында, атайын бөлүнгөн жерлерде жана жолдордо навигациялык пломбалары бар жүк ташуучуларды көзөмөлдөөнүн кошумча түрлөрүн жүргүзүүгө жол берилбейт.

26
Белгилер:
долбоор, Казакстан, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Эркеч-Тамга" барган Новиков: жүк декларациясын адам толтурбашы керек
Финпол: бир фура контрабандалык жүк кармалып, кызмат адамдары изделүүдө
Товарды көзөмөлдөөнүн жаңы түрү. ЕЭК кеңеши кабыл алган чечим