Бишкек мэриясы жарандык демилгелер үчүн 150 млн. сом бөлдү

© Фото / Михаил ДудинБишкек мэриясы. Архив
Бишкек мэриясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын сайтында жарандар үчүн отчёт, башкача айтканда, кимге канча эмне үчүн акча төлөп жатканын билгидей маалыматтар чыгып турмакчы.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясынын 2020-жылдагы бюджеттик саясатына киргизилген маанилүү өзгөрүүлөр туурасында экономика жана каржы боюнча биринчи вице-мэр Алмаз Бакетаев айтып берди. Ал Sputnik Кыргызстан мультимедиалык борборунда өткөн "Бишкектин бюджети алгач ирет 10 миллиард сомдон ашты" аталышындагы маалымат жыйынга катышкан.

Вице-мэрдин айтымында, шаардык бюджет жаңы форматка өтөт.

"Быйыл биз бюджетти программалык форматка өткөрүү жагын карап жатабыз. Бул кандай болот? Мурда шаардык бюджет айлык маянага кеткен чыгымга, коммуналдык төлөмгө жана башкаларга деп бөлүнүп каралчу. Эми программа сыяктуу жазылып, тигил же бул компания кандай ийгиликтерге жетишүүгө аракеттенип жатканын ар бир шаар тургуну түшүнө тургандай болот. Жөн гана сандар эмес, күтүлүп жаткан жыйынтык тууралуу маалымат берилет", — деди ал.

Бакетаев белгилегендей, мындай жол менен бишкектиктер канча имарат тургузулуп, бак отургузулуп же тротуар салынып жаткандыгын биле алат. Мында натыйжаны каражатты бөлүштүрүүнүн гана эмес, аткарылган иштин көлөмү менен баалоого мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Первый вице-мэр Бишкека по экономической и финансовой политике Алмаз Бакетаев - Sputnik Кыргызстан
Вице-мэр: Бишкектин бюджетин көбөйтчү эки багытка басым жасалат
Ошондой эле мэриянын сайтында жарандар үчүн отчёт, башкача айтканда, кимге канча эмне үчүн акча төлөп жатканын билгидей маалыматтар чыгып турмакчы.

Кийинки жаңычылдык жарандык демилгелерге арналган. Мында шаардыктар бюджеттик каражатты бөлүштүрүү ишине катыша алат.

"Ар бир шаар тургуну белгилүү бир иштин түрүн жана тейлөөнү (негизинен шаардын инфраструктурасына байланыштуу) өткөрүүгө арыз менен кайрыла алат. Арызды бюджеттик каражатка бирдиктүү салым кошпостон туруп толтурууга болот", — деп айтты Бакетаев.

Бакетаевдин айтымында, жарандык демилгелер үчүн Бишкектин бюджетинен 150 миллион сом каралган. Аларга арналган аянтча январдын аягында даяр болот. Эгер идея ийгиликтүү ишке ашып кетсе, эмдиги жылы да бюджеттен акча каралат.

Жаңылыктар түрмөгү
0